Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Август, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:25

ЭДИЛ БАЙСАЛОВ: ШКУ САММИТИН ӨТКӨРҮҮ КЫРГЫЗСТАН ҮЧҮН АБРОЙЛУУ МИЛДЕТ


Маектешкен Төрөкул Дооров, Прага Бишкекте 16-августта Шанхай кызматташтык уюмунун саммити өтөт. Кыргызстан бийлиги эл аралык чоң жыйынды өткөрүүгө 90 пайызга даяр экенин билдирүүдө. Бул маанилүү окуяга даярдык жөнүндө «Азаттык» менен коомдук ишмер Эдил Байсалов ой-пикир бөлүштү.

-Сиздин оюңузча Кыргызстандын азыр саммитти өткөрүүгө даярдыктары канчалык сапаттуу?

- Менин оюмча биз буга өтө көп тынчсызданбашыбыз керек. Бир заматта Москва, Шанхай, Астана, Ташкенттин деңгээлине көтөрө албайбыз. Муну биз баарыбыз туура түшүнүшүбүз керек. Менин оюмча саммитин өтүшүнө биз даярбыз. Дегеле көчөнүн тазалыгынын анча деле мааниси чоң эмес.

- Азыр ШКУнун Кыргызстанга пайдасы, Кыргызстандын андагы ролу тууралу да ар кандай ойлор айтылып жатат. Бизде бир нече мүнөт мурдараак Жогорку Кеңештин төрага орунбасары Кубанычбек Исабеков мырза суроолорубузга жооп берип жатып айтты эле, Шанхай уюмунан Кыргызстанга бир тыйын да пайда түшкөн жок деп. Анткени уюмга тиешелүү негизги структуралар башка мамлекеттерде жайгашкан экен. Ошол эле учурда Шанхай уюмунун бардык эле саммиттеринде кабыл алынган чечимдер бүт тараптардын кызыкчылыктарын эске алуу менен кабыл алынат деп айтылып жүрөт. Кыргызстан бул жолку саммитти өзүндө өткөрүү менен жеке өзүнүн кайсы бир проблемаларын күн тартибине коё алабы?

- Пайдасы барбы, жокпу бул уюмда биз теңата мүчөбүз. Ошол эле Кытай, Россия федерациясындай эле суверендүү мамлекетпиз. Ошондуктан биз өзүбүз суверендүү, эгемендүү мамлекет бололу десек бул уюмдун эле эмес башка уюмдардын дагы саммиттерин кезеги менен баш калаада өткөрүшүбүз керек. Тартип боюнча эгемендүүлүктүн өзүнүн милдеттери, жоопкерчилиги болот. Ошондуктан, албетте, мааниси бар. Биз ошондой эгемендүүлүгүбүздү сактап калалы десек, ошону менен сыймыктанабыз десек, Казакстан, Өзбекстан башка мамлекеттерге теңеле алабыз десек, албетте ушундай саммиттерди кезеги менен өткөрүп турушубуз керек. Конкреттүү түрдө мааниси, пайдасы да бар. Башка мамлекет, дүйнө коомчулугу Кыргызстан жөнүндө билип, кыргыздар өз алдынча мамлекет экен деген моралдык аброй бар. Ошон үчүн мен түздөн-түз пайдасы бар, конкреттүү түрдө пайдасы бар деп ишенем.

- Сиз жакында буга чейин жетектеп келген коалициядан кетем деп айттыңыз эле. Азыр эмне менен алектенип жатасыз?

- Мен коалициядан кетем дегениме көп эле убакыт болуп калган. Менден мурун иштеп кеткен Төлөйкан Исмаилова дагы төрт жыл иштеген. Мен президенттикке шайланганда айткам, коалициянын уставын сыйлайлы деп. Бизде милдет жок төрт жыл эле иштейбиз деген. Алмашып туруш керек. Уюмдар өз алдынча өнүгүп туруш керек. Мен азыр бир канча сунуштардын үстүндө ойлонуп атам. Жакында элдин баары билет мен кандай уюмду тандап алганымды.

- Маегиңизге чоң ырахмат.

XS
SM
MD
LG