Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:24

ТҮРК ПРЕМЬЕРИ ЭРДОГАНДЫН ИСЛАМДЫК КӨЗ КАРАШЫ МЕНЕН БАТЫШЧЫЛ САЯСАТЫ


Түркиянын премьер-министри Режеп Тайип Эрдоган жекшембидеги шайлоодо анын партиясы жеңип чыкканы белгилүү болгон соң, саясий реформалар менен Евробиримдикке кошулуу багытын улантууга сөз берди. Байыстуу исламчыл Адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясынын лидери буга чейин динчил ураандарды чакырган ыр саптарын коомдук жайда окуганы үчүн бир ирет түрмөгө да отуруп чыккан. 4 жылдан бери Түркия өкмөтүн башкарып келаткан Эрдоган деги ким өзү?

53 жаштагы Эрдоган жекшембидеги шайлоодо анын исламдык партиясы жеңгени жарыяланганда Түркиянын секулярдык, Батышчыл багытын улантууга сөз берди.

-Биз мындан ары да мамлекетибиз алдына койгон максатка ылайык, Евробиримдикке мүчө болуу багытында тынымсыз аракеттенебиз. Элибиздин азыркыдан мыкты жашоого умтулган тилеги жана кызыкчылыгы биздин башкы максатыбыз болмокчу.

Телеканалдар динчил партия башчысы бул сөздөрдү айтып атканда жанында башына узун жоолук салынган жубайы күйөөсүнүн сөздөрүн кубаттап турганын көрсөтүштү.

Эрдоган Стамбулдун кедей районунда төрөлүп өсүп, мектепте окуп жүргөндө акча табыш үчүн футбол ойноп, кээде көчөдө таттуу токоч саткан күндөрү болгон. Исламдык Имам Хатип мектебин аяктагандан кийин ал Мармара университетинин экономика жана башкаруу факультетинде билим алган. Жаш кезинен Түркиянын исламдык партиясына кошулган Эрдоган саясатта такшалып отуруп, 1994-жылы Стамбул шаарынын мэри болуп шайланган. 1998-жылы саясий демонстрация маалында исламдык поэмадан үзүндүлөр окуп, сот аны динчил көтөрүлүшкө үндөдү деп айыптап абакка отургузган. Айрым байкоочулар сот ашепке кетти, ал ырда эч кандай козголоңчул маанай жок болчу деген пикирлерин айтышкан. Ошентсе да, Стамбулдун башкаруучусу мусулмандардын айрым жол-жоболорун карманып, Эрдоган мэр кезинде ресторан-кафелерде алкоголдук ичимдиктерге чектөө киргизген.

Бирок Эрдоган 2004-жылы түрк өкмөтүн жетектей баштагандан бери улутттук деңгээлде спирт ичимдиктерине тыюу салган жок, анткен менен аларды өндүрүп-сатуудан алынчу салыктын көлөмү кыйла жогорулады. Түрк премьерин коомчулуктун бир бөлүгү өлкөнү исламдаштыруу багытына түртөт деп чочулайт, ошол эле маалда Эрдогандын жеке дипломатиялык жөндөмү менен жеке адамдык сапаттарынын аркасында Түркия-Грекия алакасында соңку 15 жылдан бери жылыш байкалып, расмий Афины Түркиянын Евробиримдикке кошулуу аракетин колдой турганын билдирди.

Эмнеси болсо да, элди өзүнө тарта билген сөзгө чечен саясатчы Эрдоган көптөн бери улам бир коалициялык өкмөт түзүлүп, аскербашчылардын кийлигишүүсү менен бийликтен кетирилип турган Түркияда саясий стабилдүүлүк алып келгендей болду. Ал бийликке келгенден бери түрк экономикасы орто эсеп менен жылына 7%га өсүп жатканы да Эрдогандын өкмөтүнүн жетишкендиктери катары аталууда. Анкаралык саясат таануучу Мурат Акгун эң башкысы эми бийликтеги Адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясы азыркы багытынан тайбайбы деген маселе дейт.

- Түркия коомчулугунун басымдуу бөлүгү бул партияны колдой турганы айкын болду. Эми Эрдогандын партиясы бул жеңишке эреркеп кетип, дагы кандай өзгөрүү жасап ийет деген чочулоо жок эмес. Бирок жакынкы келечекте өтө чоң өзгөрүү болуп кетет деп ойлобойм.

Айтор, Түркиянын премьери Режеп Тайип Эрдоган исламдык көз карашы менен өлкөнүн демократиялык саясий багытын айкалыштырууга сөз берүүдө. Ал аялдар менен кол алышып учурашууга каршы экенин, бирок дипломатиялык эрежелер боюнча айымдар менен айласыз кол алышкан сайын Алладан кечирим сурап сыйынаарын айтат. Эрдогандын көз карашындагы мындай ажырымдар бүткүл Түркияга да мүнөздүү, ушу тапта коом динчилдер жана секулярдык көз караштагылар болуп бөлүнүп калды дешет байкоочулар.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG