Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:15

А.МАМАСАЛИЕВ АКЫЙКАТЧЫНЫ ЖАЛАА ЖАПТЫ ДЕП СОТКО БЕРЕТ


Атуулдук платформа коомдук уюмунун лидери Алишер Мамасалиев, Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулун сотко бере турганын билдирди. Анын айтмында Акыйкатчы ага “Өзбекстандын атайын кызматтары менен байланышы бар” деп жалган маалымат тараткан. Мындай маалыматты ММК аркылуу жокко чыгаруусу үчүн ал Турсунбай Бакир уулуна эки күндүк мөөнөт бергенин жарыялады. Анын ырасташынча, бейөкмөт уюмдары Акыйкатчынын ишин сынга алып, анын ордуна башка адамдын келиши керектигин айтып чыгышкандан бери, Турсунбай Бакир уулу аларды “чет өлкөлөрдүн атайын кызматтары менен байланышы бар” деп айыптай баштады. Ал эми Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу болсо андай талаптарды тааныбай турганын, эч кимди чет өлкөнүн тыңчысы деп айыптабаганын айтууда.

Жаш саясатчылар форумунун мүчөсү Алишер Мамасалиевдин айтымында, бейөкмөт уюмдары Акыйкатчынын ишин сындай баштагандан бери Турсунбай Бакир уулу аларга ар кандай айыптарды тага баштады. Анын ырасташынча, быйыл декабрда болуучу Акыйкатчыны шайлоодо бейөкмөт уюмдары башка талапкерди сунуштаганы жатканы тууралуу маалымат Турсунбай Бакир уулуна катуу тийди. Ошол себептүү ал “Акыйкатчы мени Өзбекстандын атайын кызматтары менен байланышы бар деп айыптап жатат” дейт:

- Он жылдан бери мен Ташкентке бара элекмин. Барсам деле мени азыр киргизбейт. Ал киши айтып атпайбы, бу Алишер Мамасалиев Өзбекстанга барып келип маалымат чабуулун баштады деп. Күнөөлүү деп. Ошондон кийин мени менен Динараны Өзбекстандын атайын кызматтары менен байланышы бар деп күнөөлөдү. Бул деген жалган жалаа. Менимче Турсунбай Бакир уулу эки күндүн ичинде айткандарын жокко чыгарбаса ал өз ордун бошотушу керек. Менин бул кишиге эч кандай жеке таарынычым жок эле. Бирок ал туура эмес кылды, жалган жалаа жапты. Бизге мындай Акыйкатчы кереги жок. Бул орунга башка киши келиши керек, укук коргоочу, биздин арабыздан. Ал аял киши болушу керек.

“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын өкүлү Динара Ошуракунова да Акыйкатчынын бейөкмөт уюмдарын сындап жатканына нааразы. Анын айтымында Акыйкатчынын акыркы билдирүүлөрү жарандык коомчулукту бул орунга башка бир адамдын келиши керектигине ынандырды:

- Өлкөдө Акыйкатчынын институтунун пайда болушу менен адам укуктары жаатындагы ал-абал өзгөргөн жок. Тескерисинче ал жаман жагына кетти. Ошондуктан биз бул орунда адамдын диний, саясий жана улуттук көз караштарына карабай калыс караган адамдын отурушун каалайт элек.

Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу болсо эс кимди так кесе чет өлкөнүн тыңчысы деп айыптабаганын, тек гана чет өлкөлүк атайын кызматтардын тапшырмаларын аткарбоо керектигин айтканын билдирди. Ошондой эле ал айткан-дегендери үчүн эч кандай кечирим сурабасын, анын ар бир айткан сөзү аргументтер менен бышыкталып турарын, ага эч ким андай буйрук Бере албасын айтууда:

- Мага эки күн бергидей Европанын эл аралык соту эмес ал. Мен өз сөзүмдү алардын иш-аракеттеринин негизинде элге жеткирдим. Ошондуктан менин кечирим сурай турган эч нерсем жок. Мага эки күн эмес бир жыл мөөнөт берсе да мындай нерселерди тааныбайм. Мага күч менен эч ким буйрук буйрук бере албайт. Ал мыйзамды бузуп атат. Анткени Акыйкатчы тууралуу мыйзамда эч Ким, мамлекеттик уюмдар дагы Акыйкатчынын ишине кийлигише албайт деп жазылып турат.

Ошондой эле ал Акыйкатчынын кызматкерлери адис эмес деген маалымат таркатышканы үчүн ошол эле бейөкмөт уюмдарын кызматкерлери сотко бергени жатканын билдирди:

- Акыркы чогулушта менин кызматкерлерим мага атайын кайрылуу жасашты. «Урматтуу акыйкатчы мырза, бизди күнөөлөп жаткандан кийин бейөкмөт уюмдардын лидерлерин сотко берели»,- дешти. «Эмне үчүн кызматкерлери профессионал эмес деп абийирибизге тийип атышат»,- дешти. Мен «өзүңөр чечкиле» деп айттым. Алар өздөрү чечет. Менимче булар сотко берсе, Акыйкатчынын аппараты да сотко берет.

XS
SM
MD
LG