Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө каадалуу жыйындардын дээрлик баарында такай сөз болот. 2003-жылы коррупция боюнча мыйзам кабыл алынган, Кылмыш кодексине өзгөртүү киргизилген. Иши кылып кызматтык кылмыштын кеңири жайылган мына ушул түрүн азайтуу боюнча жетиштүү дегидей мыйзамдык негиз түзүлгөн.
Коррупцияны алдын-алуу, күрөшүү боюнча улуттук агенттиктин бөлүм башчысы Жумабек Мүсүралиевдин айтуусунда, оголе көп мамлекеттик кызматтар ага каршы аеосуз күрөш ачканы менен ушу кезге чейин бир да коррупциячы жоопко тартыла элек.
- Бирок бир дагы факт ушу кезге чейин соттон өткөн эмес экен. Иш козголот, тергөө жүрөт, иш сотко барат. Бирок эч ким соттолбойт. Кызык бекен? Себеби? Ошол себеби белгисиз. Мыйзамда бардыгы бар. Эми ошол коррупция боюнча мыйзам да кодекс да иштебей атпайбы!
Бишкек шаардык коррупцияга каршы күрөш бөлүмүнүн жетекчиси Белек Өмүрканов толгон-токой күч кызматтарынын иш-аракетинен натыйжа чыкпай жатат деген пикирде. Ошол себептүү мына ушул чачкын күчтөрдүн ишин бир багытка бурган, аны такай көзөмөлдөп, багыттап турчу мекеменин болушу зарыл.
- Жазылып жатат, айтылып жатат. Сөз түрүндө болуп жатат, бул өзү жел сөз болуп жатат. Биз коррупция, коррупция деп айтып жатканыбыз менен анын натыйжасы жок болуп жатышынын себеби күрөштү багыттап турганга конкреттүү бир мекеме керек. Жоопкерчилигин сурай турган орган керек. Мына ушул бүгүнкү күнү коррупцияга каршы күрөшүүчү улуттук агенттиги болуш керек.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тоокен техникасын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Жалил Муркамаловдун пикири боюнча, коррупцияга каршы күрөшүү улуттук агенттигинин күч кызматтарынын текши баарына баш-көз болуп, ишти жалгыз өзү уюштурушу кыйын.
- Менимче, бул агентчилик өз алдынча иштегиси келип жатат. Бирок булар коррупция менен күрөшө албайт го деп ойлойм.
Көпчүлүк адистер коррупцияга каршы күрөштү чачкын жүргүзбөй, болгон күчтү бир жерге топтоп, оболу ага өбөлгө түзгөн шарт-жагдайларды аныктап, тамырын тартып көрүш керек деген пикирде. Коррупцияны болтурбай коюу, ага каршы күрөшчү улуттук агенттикке жетишерлик укук, мүмкүнчүлүк берилбесе өзү деле алдым-жуттумдукка аралашып кетиш ыктымалдыгы айтылды.
- Коомчулукта ажыдаарды өлтүрүп, үңкүргө кирген соң өзү ажыдаар болуп кетеби деген кооптонуу бар,- деп билдирди агенттиктин жооптуу кызматкери Мирлан Эсеналиев.
Анын ырасташынча, улуттук агенттиктин мүмкүнчүлүгү абыдан чектелүү, ошол себептүү көп иштер аягына чыкпай калууда.
- Бүгүнкү күндө жарандык коом тарабынан бизге абдан көп кайрылуулар болуп жатат. Ал эми биз болсок ыйгарым укуктарыбыздын чектелүүсүнөн коррупция тууралуу мыйзамдын бузулушуна иш жүзүндө каршы туралбай жатабыз. Анткен себеби бизде жетиштүү ыйгарым укуктар жок. Ошол эле иштер кайра прокуратурага, Ички иштер министрлигине барып такалып калууда,- дейт М.Эсеналиев.
Cүрөттө: Июнь айынын башында ири өлчөмдө пара алып жаткан жеринен Каржы полициясынын бакандай полковниги кармалган. Бирок бул иштин сотко жетери, жетсе да коррупция фактысы далилденерине ишенүү кыйын.