Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:49

24-ИЮЛЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1876-жылы Курманжан датканын уулу Абдылдабек Фергана аскер губернатору генерал-майор М.Д.Скоболевге жооп кат жөнөткөн. 1916-жылдын бу күнү Ош уездине караштуу Үчкоргон айлында калк козголуп, аскерге кишилерди бербейбиз деген чакырык менен болуштук башчынын үйүн курчоого алышкан.

Курманжан датканын уулу Абдылдабек 1876-жылдын бу күнү Фергана аскер губернатору генерал-майор М.Д.Скоболевге жооп кат жөнөткөн. Абдылдабектин катында алайылык кыргыздардын орус бийлигине каршы көтөрүлүшүнүн себеби, алардын көздөгөн максаты ачык кабарланат. Мындан тышкаары, Абдылдабек орус бийлигине толук ишенбей тургандыгын, эгер айтылган убадалар толук сактала турган болсо, бийликке моюн суна тургандыгы билдирилет. Абдылдабектин пикирине караганда, эгер орус бийлиги Ош уездине Шабдан баатырды калтырса, аймакта тартип орномок.

1916-жылдын бу күнү Ош уездине караштуу Үчкоргон айлында калк козголуп, аскерге кишилерди бербейбиз деген чакырык менен болуштук башчынын үйүн курчоого алышкан. Падышалык бийликтин аскерге адам алган саясатына каршы чыккан үчкоргондуктар болуштан аскерге чакырылгандардын тизмесин тартып алууга аракет жасашкан.

1917-жылдын бу күнү Жетисуу областынын дыйкан депутаттарынын съезди ишин баштаган.

1918-жылдын 24-июлунда ПИшпек уезддик эл депутаттарынын Аткаруу комитети Эл чарбасы боюнча Кеңеш куруу туурасында токтом кабыл алды. Токтомго ылайык өлкөдө биринчи өкмөт модели уюшулуп, анын иштөө тартиби, курамы сыяктуу маанилүү маселелердин мерчеми бекитилген.

1931-жылдын бу күнү Кыргыз обком ВКП (б)сы менен өкмөттүн үчүнчү бириккен пленуму ишин аяктады. Пленумда колхозчуларды келишим менен жумушчу катарына тартуу боюнча партия органдарынын ишин жандандыруу маселеси талкууланды. Мындан тышкары, пленумда жазгы айдоо ишинин аткарылышы, 1932-жыл үчүн элдик чарбаны жана коомдук-маданий турмуштун өнүгүү келечеги, көмүр өнөр жайын өнүктүрүү маселелери каралган.

2003-жылдын бу күнү кыргыз интеллигенциясынын күзгүсү, улут сыймыгы академик Абдулхай Алдашев жарык дүйнө менен кош айтышты. Академик Алдашев 1918-жылы Жетиөгүз районунун Аккочкор айылында туулуп, өмүрүн илим, билимге арнаган инсан болгон.

Бу күнү, 1802-жылы теңдешсиз жазуучу Александр Дюма, 1803-жылы “Жизель” балеттин автору Адольф Шарль Адан, 1828-жылы жазуучу Николай Чернышевский жакыр дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG