Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:48

ЛИВИЯДАН АЛТЫ МЕДИК БОШОТУЛУП, БОЛГАРИЯГА КЕЛДИ

Триполи тарабынан бошотулган болгариялык беш медсестра жана палестиналык дарыгер бүгүн франциялык учак менен Софияга келип конду. Ливияда балдарга ВИЧ инфекциясын атайын жуктурган деп кесилген медицина кызматкерлерине Софияга келгенден кийин болгар президенти Горги Парванов тарабынан кечирим берилди. Сегиз жыл абакта отурган медиктер Европа союзу менен Ливиянын ортосунда медициналык жардам жана алакаларды өнүктүрүү тууралуу келишим түзүлгөндөн кийин бошотулду.

Ливияда медкызматкерлер өлүм жазасына кесилип, кийин сот өкүмү өмүрүнүн аягына чейинки түрмө мөөнөтү менен алмаштырылган эле. Алар Болгарияга Франциянын биринчи айымы Сецил Саркози жана Евросоюздун тышкы иштер комиссары Бенита Ферреро-Валднер менен бир учакта учуп келишти.

Беш медсестра – Кристина Валчева, Насия Ненова, Валентина Сиропуло, Валя Червеняшка, Снежана Димитрова жанa палестиналык дарыгер Ашраф ал-Хасудду учактын тепкичинен урук-туугандары тосуп алды.

Ливия аларды СПИДге алып келүүчү ВИЧ инфекциясын 400дөн ашык балага атайын жуктурган деп айыптаган эле. 1999-жылдан бери түрмөдө отурган медкызматкерлер бул кинени четке кагып, кыйноо менен күнөөлөрүн мойнуна алдырганын айтып келишкен.

Бошонгон медсестралардын бири Снежана Димитрова София аба бекетинде кабарчыларга мындай деди:

Менин ушул көз иrмемди күтүп, жашап жүрдүм, акыры бул күн да келди. Мен эч качан өлүм жазасын кабыл алган эмесмин. Бул акыйкат өкүм болгон эмес. Азыр эми өтө кубанычтамын.

Болгариянын өкмөт башчысы Сергей Станишев медкызматкерлерин башынан өткөргөндү башкалардын башына салбасын деди:

Эң башкысы алар бошонуп, аман-эсен үйүнө келишти. Сегиз жылда алар далай азапты көрүштү.

Президент Георги Парванов ушул эле күнү беш медсестрага жана июнь айында болгар жарандыгы берилген палестин дарыгерине кечирим берди.

Брюсселде Европа комиссиясынын президенти Жозе Мануэл Баросо медиктердин кайтышын Европа Союзунун жеңиши деп баалады. Бароссо ошондой эле эми Ливия менен Евросоюздун алакасын толугу менен нормалдаштырууга жол ачылганын билдирди. Анын айтымында, Ливиядагы СПИДге чалдыккан балдарга медициналык жардамды жакшыртуу медиктердин бошотулушунун бир шарты болуп саналат.

Триполиде Ливиянын тышкы иштер министри Абдел-Рахман Шалгам анын өлкөсү Евросоюз менен "толук кызматташуу" тууралуу келишишкенин бышыктады.

Триполиде Франциянын биринчи айымы Сесил Саркози менен Еврокомиссар Бенита Ферреро-Валднер тарабынан жетишилген келишимдин деталдары бүдөмүк. Франциянын президенти Никола Саркози шаршембиде Ливияга барып, өлкөнүн "эл аралык коомчулукка" кошулушуна жардам берүүгө аракет кылаарын билдирди. Бирок Саркози Франция да, Евросоюз да Ливияга кун төлөгөн жок деп ырастады. Бирок ушул эле күнү Ливиянын тышкы иштер министри Евросоюз менен Франция СПИДге чалдыккан балдардын үй-бүлөлөрүнө компенсация төлөдү деп айткан.

Эл аралык эксперттер 56 баланын өлүмүнө алып келген жугуштуу оору аталган медиктер Триполидеги Бенгази ооруканасына келе электе башталганын, ал тазалыктын жоктугунан чыккан болушу мүмкүн экендигин белгилеп келатышат.

Жаңыл Жусубжан, Прага
Куржундар
XS
SM
MD
LG