Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:34

АНКАРА МЕНЕН ТЕГЕРАНДЫН ГАЗ КЕЛИШИМИ АКШнын СЫНЫНА КАБЫЛДЫ


Айнура Асанкожоева, Бишкек Келишимге ылайык, Түркия Түркмөн жана Иран газын Европага жеткирип турмакчы. Вашингтон бул макулдашууну катуу сындады. Түрк премьери Таип Режеп Эрдоган Анкара биринчи кезекте өз кызыкчылыгын көздөйт деп Вашингтондун сын дооматтарын четке какты.

Тегерандын атомдук програмамсынын айланасындагы талаш тартыш курчуп, Иран кошуна Ирактагы кырдаалды бейстабилдештирүүгө салым кошуп жатат деген шектенүүлөргө карабай, Түркия Иран менен энергетика тармагындагы кызматташтыгын кенейтүүгө ниеттенип жаткандай.

Бир нече күн мурун эки өлкө алдын ала келишимге жетишти. Ага ылайык, Түркия Ирандан жылына 30 миллиард кубметрдей табигый газ алып турат. Газ ички керектөөгө жумшалат же болбосо Европадагы кардарларга жеткирилип турмакчы. Ал үчүн Түркиянын аймагында эки куур жаткырылат деп болжолдонууда.

Түркиянын энергетика министри Хилми Гүлер Түркия жөн гана транзит өлкө болгусу келбейт, Анкара Иран жана Түркмөнстан менен биргелешкен ишкана түзүүнү көздөп жатат деп билдирди. Буга чейинки келишим Вашингтондун нааразылыгын жараткан. АКШ Иран атомдук програмамсынан баш тартмайын, аны обочодо калтыруу керек деген позицияны ээлеп келатат.

-Иран менен бизнес жүргүзүү керекпи же жокпу аны Түрк өкмөтү чечет. Ал эми Ирандын мунай жана газ тармагына инвестиция салуу үчүн бул туура учурбу деп бизден сурасанар, биз жок деп жооп беребиз, - деди АКШнын мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Шон MакКормак.

Ушул күндөрү АКШ Конгресси Ирандын энергетика тармагына 20 миллион доллардан ашуун каражат сарптаган чет өлкөлүк компанияларга санкция колдонууну караган мыйзамды караштырып жатат.
Түрк премьери Эрдоган МакКормактын сөздөрүнө Анкара өз кызыкчылыктарына келгенде Вашингондон уруксат сурашы керек эмес деп, кесе жооп берди.

Билкент университетинин тышкы саяст боюнча аналитиги Сейфи Ташан Түркия энергетика чөйрөсүндө бир да сунушту көнүл сыртында калтырбайт деген оюн ортого салат.

-Энергетика Түркия үчүн абдан маанилүү маселе. Бизде жетиштүү жаратылыш энергия булактары жок. Импорт менен жан сактайбыз, андыктан бул өлкөнүн газын алабыз, тигил өлкөнүкүн албайбыз деп тандап отура албайбыз.

Маселенин дагы бир өнүтүнө кайрылсак. Түндүк Ирак менен чегарада ушу тапта түркиялык бир миң 400 аскер күрттөрдүн жумушчу партиясынын же ПККнын согушкерлерине чабул коюуга даяр турушат. Анкара ПККны Түркиядагы теракттар үчүн жооптуу деп күнөөлөп, анын түндүк Ирактагы базаларын жок кылабыз деп келатат. АКШ болсо андай чабуул Ирактагы кырдаалды мындан да оорлоштуруп жиберет деп эскертүүдө.

АКШдагы Стрэтфорт маалымат тобу Иран менен алкаларды кенейтүү жана ПКК маселеси ортосунда байланыш бар деп эсептейт. «Анкара Ирандан алыс болуубузду кааласанар, ПККнын Ирактагы аракеттерин катуу көзөмөлдөп тургула деп Вашингтонго ишара кылгысы келет,» - деп жазылат Стрэтфорттун 18-июль күнкү комментарийинде.

XS
SM
MD
LG