Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:59

ТАЛАШ ЖЕР ТАКТАЛМАЙЫНЧА КАРШЫЛЫК АКЦИЯСЫ ТОКТОБОЙТ


Жазгүл Жамангулова Бүгүн Аламүдүн районуна караштуу Лесхоз айылынын тургундары Бишкекте өкмөт үйүнүн алдына нааразылык акциясын уюштурушту. Чогулган эл менен жолуккан жергиликтүү бийлик өкүлдөрү болсо баарын мыйзам чегинде чечээрин убада кылууда. Бирок нааразы болгон тарап маселе чечилмейинче акцияны улантып, эртең да өкмөт үйүнүн алдына чогулмай болушту. Ал эми талашка түшүп жаткан жер кимдин менчиги экендигин Аламүдүн районунун акими өзү да билбестигин айтууда.

Ушул айдын баш жагында Маевка айыл өкмөтүнө караштуу Лесхоз айылынын сексендей тургуну айылдын жанындагы бош жаткан төрт жарым гектар жерди эки жума мыйзамсыз басып турушкан. Бирок алар бул аралыкта жерге эч кандай таш түшүрүп, курулуш башташкан жок. Себеби жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жерди мыйзам жолунда чечип беребиз деген убада беришкен. Акыры күтүүдөн жадаган эл бүгүн өкмөт үйүнүн алдына чогулду.

Алмагүл: - Биз жети жылдан бери коррупционерлердин азабын тартып келе жатабыз. Акимчилик дагы, айыл өкмөтү дагы бул маселени чече албайт. Себеби өздөрү бул жердин пайдасын көрүп жатышат. Жада калса ал кимдин менчиги экендигин да ушул күнгө чейин айтпай келе жатышат. Анан бир нерсе болсо эле сотко кайрылып чечип алгыла дешет, сотторду өздөрүнүн пайдасына басып коюп жатышпайбы.

Капар: - Буларда бийлик бар болгону менен карапайым калк мыйзамдуулукту издейт. Биз он эки күн жерди басып олтурганда булар бир да ирет барып койгон жок. Биз жергиликтүү бийликтин чечимин күтүп олтургандан чарчап, акыры ушул акцияны уюштуруп жатабыз. Биз маселени чечип бермейинче пикетке чыга беребиз.

Элдин арасына келип, бир аз кер-мур айтышууга үлгүргөн аким Саматбек Керимкулов баары мыйзамдын чегинде чечилээрин, бирок азыр эч нерсе айта албастыгын төмөндөгүдөй белгиледи:

- Бул жерге курулуш курууга мүмкүнбү, жокпу азыр так айта албайбыз. Себеби муну учурда Инженердик чалгындоо боюнча мамлекеттик институт иликтеп жатат. Институттун чечими бир айдан кийин даяр болот. Биз ошого жараша анан маселени чечүүнүн жолун издейбиз. Ага чейин мен эч нерсе айта албайм.


Аламүдүн районунун башкы архитектору Сүйүн Райбеков талашка түшүп жаткан жер учурда Бишкек шаарынын башкы планына кирип калгандыгын жана ага эч кандай курулуш курууга мүмкүн эместигин «Азаттыкка» билдирди. Бирок нааразы болгон эл маселе оңуна чечилмейинче акцияны уланта беришээрин айтышууда.

XS
SM
MD
LG