Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:32

ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДА КАБЫЛ АЛУУНУН 3-ТУРУ БАШТАЛДЫ


Кыргызстанда учурда 47 жогорку окуу жайы абитуренттерди кабыл алуу өнөктүгүн жүргүзүүдө. Бул өнөктүк тестирлөөнүн жыйынтыктары жана кошумча сынак аркылуу ишке ашып жатат. Адистер жалпы тестирлөө кабыл алууда коррупцияга бөгөт болду дешкени менен айрым окуу жайлар өз алдынча экзамен алып, паракорчулукка жол берилип жатат деген пикирлер да арбын.

Аталган 47 окуу жайдын жыйырма бирине мамлекет эсебинен 5705 орунга уруксат берилген. Быйыл 19 адистикке кадрларды даярдоо эске алынган. Алардын ичинде билим, илим, экономика, саламаттык сактоо, ички иштер, коргоо жана маданият жана башка тармактарга адистер даярдалат. Мына ушул орундарга ат салышуу үчүн республикалык тестирлөөгө 34 миң бүтүрүүчү катышты. Бирок алардын 17 миңи гана 110 упайдан өйдө балл топтоп, бюджеттик орундар үчүн жогорку окуу жайларга тапшырууга укук алышкан.

Дагы бир өңүтү:абитуриенттерге бир эле учурда бир нече окуу жайга тапшыруу ыңгайы түзүлүп, укук берилген. Бул бир жагынан абитуриенттин кесип тандоосуна мүмкүнчүлүк бергени менен бюджеттик орундардын бошоп калуусун шарттады. Ушундай жагдайдан улам педагогикалык жана так илимдер үчүн айрым жогорку окуу жайларда бюжеттик орундар бошоп калган. Бул орундар үчүн 25-июлда үчүнчү айлампа менен тестирлөөнүн сертификатын кабыл алуу башталды. Билим берүү министрлигинин кесиптик билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Абакир Мамытовдун айтымында үчүнчү айлампага 506 орун калды.

- Көпчүлүк ата-энелер балдары 110 упайдан төмөн болсо дагы материалдык жетишсиздигин бетке кармап, контракт төлөөгө мүмкүнчүлүгү жоктугунан улан-кыздарын бюжеттик орундарга өткөрүүгө жардам сурап кайрылышууда.

Кыргыз улуттук университетинин кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысынын орун басары Сагынтай Кадышевдин айтымында бул окуу жайга быйыл бюджеттик 500 орун берилген. Бирок химия, физика факультеттерине тапшыргандардын упайлары төмөн болгондуктан кошумча 3-турга орундар калган.

Кыргыз улуттук университетинин айрым адистиги боюнча тестирлөөнүн жыйынтыктарынан сырткары кирүү сынактары да өткөрүлүүдө. Кызына күйөрман болгон Дарика айымдын айтымында мындай ыкма менен жогорку окуу жайларда дагы эле коррупцияга жол берилүүдө.

Кошумча экзамендерди алуу менен коррупцияга жол берген айрым жогорку окуу жайлар бардыгын акыйкатчынын орун басары Таалай Кошоков да айтып, Билим берүү министрлигине расмий кайрылаарын билдирди.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG