Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:44

АМЕРИКАЛЫК ЭЛЧИНИН АЙТЫМЫНДА, КОСОВО МЕНЕН ДНЕСТР ЖУМУРИЯТЫ ОРТОСУНДА ОКШОШТУК АЗ


Нарын АЙЫП, Прага Эл аралык коомчулук азыр Косово маселесин талкуулап жаткан мезгилде, айрым саясатчылар - эгер Косово эгемендүүлүккө жетсе, Абхазия, Түштүк Осетия же Днестр боюндагы өзүн өзү жарыялаган жумурияттар Косовонун жолун жолдойт деп билдирүүдө. АКШнын Молдовадагы элчиси Майкл Көрби андай пикирлерге каршы.

Сербиянын курамына кирген Косово аймагынын эгемендүүлүгү боюнча сүйлөшүүлөр азыр Бириккен Улуттардын деңгээлинде жүрүп жатат, анткени 1999-жылдан бери аймак Бириккен Улуттар тарабынан башкарылат жана Сербиянын мурдагы жетекчилиги аймакта жашаган мусулмандарды кыра баштаганда, ал кыргын - НАТО уюмунун аскерий соккулары менен гана токтотулган.

Косово боюнча Бириккен Улуттардын атайын өкүлү, Финляндиянын мурдагы президенти Мартти Ахтисаари түзгөн план боюнча, Косового чектелүү эгемендүүлүк берилиш керек. Бирок Маскөөнүн айтымында, эгер андай чечим Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинде колго салынса, Орусия ага вето салат, ошондуктан маселе боюнча азыр жаңы сүйлөшүүлөр башталды.

Андан тышкары, айрым орусиялык саясатчылардын пикиринде, эгер Косово эгемендүүлүк алса, дал ошондой эле жолду Грузиянын аймагында өз эгемендүлүүлүгүн жарыялаган Абхазия менен Түштүк Осетия же Молдованын ичинде 1990-жылдан бери өз алдынча аракеттенген Днестр жумурияты жолдоп кетиши мүмкүн.

АКШнын Молдовадагы элчиси Майкл Көрбинин айтымында болсо, бул маселелер такыр башка: "Косово маселеси Днестр жумурияты үчүн, же Абхазия менен Түштүк Осетия, же Тоолуу Карабак үчүн мисал боло алат деген идеяга мен каршымын. Алар такыр башка маселелер", - дейт элчи.

Анын айтымында, бул жумурияттардын маселеси эч качан жогорку эл аралык деңгээлге көтөрүлүп, Бириккен Улуттарда талкууланган эмес. Айрым башка байкоочулардын пикиринде болсо, эч ким тарабынан тааныла элек бул жаңы жумурияттар Маскөөнүн колдоосу менен гана жан багып келатат.

Элчи Көрбинин айтымында, алардын маселеси сүйлөшүү аркылуу гана чечилүүгө тийиш:
"Айрым адамдардын пикиринде, Днестр жумуриятынын тагдырын өз колунда Маскөө кармап турат жана маселе Маскөө аркылуу гана чечилиши мүмкүн. Биздин оюбузча, Молдова Орусия менен сүйлөшүү өткөрүүгө тийиш, бирок Днестр жумурияты боюнча негизги сүйлөшүү Орусия, Украина, Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму, Европа Биримдиги, АКШ, Молдова жана Днестр жумурияты ортосунда өткөрүлүш керек", - деп билдирет Майкл Көрби.

Днестр жумуриятында советтик мезгилден бери орусиялык аскерлер бар. Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун Ыстамбул шаарында 1999-жылы болуп өткөн бийик жолугушуусунда - Молдовадагы аскерлерин Орусия чыгарып кетиш керек деген атайын протоколго кол коюлган, бирок Маскөө анын шарттарын эмгиче аткара элек.

Америкалык элчинин пикиринде, аскерлер сөзсүз чыгарылыш керек: "Молдова эгемендүү, суверендүү мамлекет жана анын аймагында чет өлкөлүк аскерлер болбош керек деген чечим кабыл алган. Ошондуктан ал тууралуу Молдова элине такай айтып, ал жөнүндө эскертип турууга тийиш. Чакырылбаган аскерлер анын аймагында болбош керек", - дейт америкалык элчи.

XS
SM
MD
LG