Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:44

ОРУСИЯДА МАШИНАЛАРГА СҮРӨТ ТАРТТЫРУУ ЖАҢЫ МОДАГА АЙЛАНДЫ


Учурда Орусияда автоунаа ээлери арасында машинелерге ар кыл сүрөттөрдү тарттыруу модага айланган. Муну менен алар башкалардан өзгөчөлөнүүнү көздөшөт. Андыктан Москванын көчөлөрүнөн ар кыл жаныбарлардын, кооз гүлдөрдүн же белгилүү адамдардын сүрөттөрү тартылган автомобилдерди көп көрүүгө болот.

Илнур Мансуров бир нече жылдан бери аэрография, башкача айтканда машинелерге сүрөт тартуу менен алектенет. Ал эскилиги жеткен таар шымын кийип, көз айнек тагынат дагы машинени баштагыдан таптакыр бөлөк түргө келтирүүгө киришет. Мисалы азыр Илнур кымбат делген Лексус автомобилинин бооруна коркунучтуу крокодилдин сүрөтүн түшүрүүдө. Көрсө машине ээси бул жаныбарларды жанындай жакшы көрөт экен. Ал эми бул иш чыныгы искусство дейт Илнур:

-Албетте-бул искусство. Бул чоң жумуш, анткени буга мен көп убакыт көп эмгек жумшайм. Сүрөт тартуу көбүнесе техникалык иш деңизчи, а бирок ал сүрөттөрдү ойлоп табуу болуп көрбөгөндөй фантазияны талап кылат. Мен кооздогон автомобилдер шаар ичинде өзүнчө бир көргөзмө өңдөнүп, адамдарды тамшантып турганы, мен үчүн бакыт.

Сүрөтчүлүк таланты барлар өз идеяларын кагаз бетине эмес автомбилдин сыртына түшүрүп өз эмгегинен ырахат да бир топ акча да алышат.
Ал эми Илнурдун айтымында аэрография көп акча алып келүүчү бизнес.

Өлкөдө жаңы орустар аталган байлар машинелерин кооздоо үчүн болуп көрбөгөндөй каражат жумшоого даяр:

-Аз убакытта эле байып кеткен адамдар бар. Алар мисалы Британия калкы сыяктуу консерваторлор эмес, ал өлкөдө мисалы Роллс-Ройс машинесин же айтылуу Биг Бен саатын боектор менен көркөмдөмөөнү каалагандар жок болуш керек. Ал эми Орусиядагы байлар көп нерсени жасоого даяр.
Алар үчүн автомобиль алардын хоббиси, алардын кубанычы.


Биздин каармандын кызматынын баасы арзан эмес. 1500 мин АКШ долларына сиз машинениздин төбөсүн, ал эми 3000 долларга бир капталына сүрөт тарттыра аласыз. Айталык жөнөкөй эле мерседес автомобилин өзгөчөлөнтүп, анын сыртына сиз жактырган «Агент 007» тасмасынын бир үзүндүсүн түшүртүүнү кааласаңыз, Илнур 15 000 долларга бул кыялыңызды ишке ашырып берет.

Илнур ага көп атактуу адамдар кайрылаарын жашырбайт.

-Мисалы жакында эле мен облус губернаторунун машинесине ал каалагандай океандын сүрөтү тартып бердим,-дейт ал.

Яролав - Илнурдун кардары өз машинесине алоолонуп күйүп жаткан отту тарттырган. «Эми менин машинем Орусиядагы бир да автомобилге окшобой калды»- деп маашырланат Ерослав.

-Бул биз үчүн жаңы нерсе. Адамдар деле топтун ичинен өзгөчөлөнгүсү келет да. Же балким бул орустардын менталитетине байланыштуу, анткени биз башкаларда жок, өзгөчө бир нерсеге ээ болсок дейбиз,- дейт Ерослав.

Айгуль Жунушалиева, Прага

XS
SM
MD
LG