Түштүк Корея өкмөтү шаршембиде барымтадагы бир туткун өлтүрүлгөнүн “эч убакта кечирилгис мыкаачылык” деп сыпаттады. Ошол эле күнү кечинде Ооганстандын Газни провинциясында денесине он чакты ок тийген туткундун сөөгү табылды. Түштүк Кореянын тышкы иштер министрлиги ал барымтадагы христиан гуманитардык уюмдун Ооганстанга жөнөтүлгөн тобунун жетекчиси, 42 жаштагы чиркөө башчысы экенин тааныды. Ырасмий Сеулдун өкүлү Чо Хи-йоң Талибан кыймылын 1 жумадан бери туткундалып отурган 22 Түштүк Корея жаранын токтоосуз бошотууга үндөдү.
- Түштүк Корея өкмөтү биздин кишилерди уурдап кеткен уюмду барымтадагыларды чукул арада жакындарына кайтарууга үндөйт. Биз алардын аман-эсен кайтарып алууга колдон келген аракетибизди жумшайбыз.
Барымтада отургандардын тагдырын бейшембиде Түштүк Корея президенти Но Му Хен ооган кесиптеши Хамид Карзай менен телефондон байланышып талкуулады. Андан сырткары Но Му Хен коопсуздук иштери боюнча кеңешчиси Бэк Жоң-чунду талип барымтачылары менен сүйлөшүүлөр жүргүзүүнү тапшырып Ооганстанга жөнөттү. Кабулга сапар алаар алдында атайын чабарман: “Корея жаранынын өмүрүн алгандар сөзсүз эсебин алышат,” - деп убада кылды.
Шаршембиде Газни провинциясында сөөгү табылган Бэ Хун-кю жана барымтада отурган 22 Түштүк Корея жарандары – христиан чиркөөсүнүн колдоосу астында Ооганстанга медициналык жана башка гуманитардык жардам көрсөтүүгө барышкан. Алардын көбү аялдар. Кабул-Кандагар жолунда автобуста баратып, уурдалган түштүк кореялыктарды окуя болгон 19-июлдан бери бошотуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп келатат. Барымтачылар улам бир талап коюп, ооган өкмөтү бир туруктуу шарт коюу керектигин айтканда, талиптердин өкүлү туткундарды күчтөп бошотуу аракети жасалса, баары өлтүрүлөт деп коркуткан.
Айрым кабар агенттиктери талиптер барымтадагы корей жарандарынын ар бирин түрмөдөгү өз кишисине алмаштырууну сунуш кылганын маалымдашты. Газни провинциясынын акимчилик өкүлү Зия Вали “Азаттыкка” барымтачылардын талабы дале даана, так айтыла электигин билдирди.
- Талиптер арасында ынтымак жок. Алардын айрымдары түрмөдөгү кишилерин чыгарууну талап кылса, башкалары акча сурап жатышат.
Талибан кыймылынын атынан чет элдик маалымат агенттиктерине билдирүү жасаган дагы бир өкүлү барымтадагыларды бошотуп алыш үчүн Түштүк Корея Ооганстандагы аскерлерин толугу менен чыгарып кетиши шарт деп белгиледи. Сеул буга чейин эле жыл аягына жеткирбей Ооганстандагы 200дөй аскер инженери менен медициналык кызматкерлерин алып кетээрин жарыялаган. Талип командирлеринин бири Мансур Дадулла чет элдиктерди барымтага алуу – түрмөдөгү талиптерди бошотуп алуунун бирден-бир жолу деп интервью бергенинен улам ооган өкмөтү бардык чет элдиктерге уруксатсыз Кабулдан тышкары чыгууга тыюу салды. Түштүк Корея өкмөтү өз жарандарынын Ооганстанга барышына катуу чектөө киргизди.