Ички иштер министринин мурдагы орун басары Өмүрбек Эгембердиевге баасы 12 миллион сомдун тегерегиндеги министрликтин кумшекерин кымырып алган деген айып тагылып, 2005-жылдан бери иликтөө иштери аягына чыкпай келатат. Айыпталып жаткан Ө.Эгембердиевдин өзү болсо бул анын үстүнөн атайын уюштурулган буюртма кылмыш иши экендигин, ага азыркы Ички иштер министри Болотбек Ногойбаевдин тиешеси барлыгын айтууда. Ички иштер министрлиги бул кылмыш иши боюнча Ө.Эгембердиевди камакка алуу максатында Биринчи май райондук сотуна кайрылган. Бирок райондук сот кылмыш иши боюнча далилдердин жетишсиздигинен улам айыпталуучудан эч жакка кетпөө тууралуу тил кат алуу менен чектелген. Министрлик талабынан тайбай жогорку инстанцияга кайрылганы менен Бишкек шаардык соту да райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Айыпталуучу Ө.Эгембердиев ага карата козголгон кылмыш иши жана соттун бүгүнкү чечими тууралуу буларды айтты:
- Эч кандай күнөөм жок деп эсептеп атам. Ошону биз мыйзам чегинде далилдеп берип атабыз. Тергөө болсо эң туура эмес жүрүп атат. Ар кандай чагымчыл аракеттер да болуп атат. Бүгүнкү сотто да тергөөчүнүн профессионалдык деңгээли эң төмөн экендиги көрүнүп, сот туура чечим кабыл алып, тергөөчүнүн камаш керек дегенин четке какты.
Сотко айыпталуучу Ө.Эгембердиевдин энеси да келген. Ал түйшүктүү сот процесстеринен чочулап, уулунун тагдырына тынчсыздануусун билдирди:
- Атасы эрте өлүп калган. Эч кандай эч кимге жаманчылыгы жок. Бирөөдөн жулунуп эч нерсе деле алган эмес. Анан ушундай ишке кандайча чалынып калганын түшүнбөй, өзүм төрүмдөн көрүм жакын турганда баламдын тагдырынан коркуп турам.
Ал эми айыпталуучунун коргоочусу Али Касымовдун айтымында, тергөө учурунда бир катар мыйзам бузууларга жол берилген:
- Бул жерде бул ишти иликтөөдө бир катар мыйзам бузууларга жол берилген. Баш коргоо чарасы боюнча. Бирок Бишкек шаардык соту бүгүн Биринчи май райондук сотунун 16-июлдагы чечимин күчүндө калтырып, эч жакка кетпөө тууралуу тил кат жетиштүү деген бүтүмгө келди.
Ө.Эгембердиевге карата тергөө иштери мындан ары да уланмакчы. Бирок ал темир тордун аркасында эмес, боштондукта жүрүп сурак бермекчи. Ички иштер министринин маалымат катчысы Бакыт Сейитов, министрлик болгон материалдарды тергөөнүн жыйынтыгында сотко өткөрүп берерин, ал эми айыпталуучунун тагдырын сот гана чече турганын айтты:
- Азыр бул иш боюнча текшерүүчүлөр, тергөө иштеп атат. Биздеги болгон материалдарды топтоп сотко өткөрөбүз. Ал эми аны актап жибереби же кесип жибереби сот өзү чечет.