Орусияда ишембиде Удмуртияда бир тик учма жекшембиде бир жүк ташуучу учак кырсыкка учурашты. 12 киши курман болду. Эл арасында «Аннушка» деп коюучу Антонов ойлоп тапкан учак совет доорунун тереңинен келе жаткан машина. Ушул «Домодедово» аба майданынан учуп чыгып ал жердеги, жергиликтүү көрүстөнгө 70 метр жетпей кулап түшкөн 93912 номердүү учак Росавиация билдиргенге караганда 1964-жылы 31-январда пайдаланууга берилген.
Экспертер божомолунда аны өкмөт темирдин жедеп чарчап болушуна дейре пайдаланган. Натыйжада аны абада бараткан жеринен кыйрап калууга дуушар кылган.
Экинчи себеп учакты айдоочулар иш билгилиги дешет. Андай пикирди жекшембиде «Домодедово» учактык майдандын тышкы байланышы боюнча деректири Дарья Коршунованын айткан:
- Эртең мененки төрт жарымда жерге туман түшкөн. Андай шарта ар бир эле учакка уруксат берилбейт. Бирок жүк ташуучу АН-12 бул жолу сапарга чыгуу чечимин өзү алдынча алган.
Ишембиде Ижевски калаасынан учуп чыккан тик учма кошуна Пермь обулусуна жеткенде электр зымына үстүңкү парасын чалып алып ошол жердеги Воткинское суу сактагычына кулап түшкөн. Кечээ анын ичинен чоң эки баланын жана учкучтун сөөгүн таап чыгышкан.
Жума күнү «Азаттыктын» кабарчысы Владимир Бабурин эс алып келүү үчүн четке бартканда жүргүнчүлөрдү тартчу «S-7» авиакомпаниясынын учагы ара жолдо техникалык мандеми билинип, ошондон улам учуп чыккан «Домодедового» кайра келип конууга мажбур болгон:
- Биз жагдайдын абдан олуттуу болгонунун жерге конгондон кийин, биздин учакты тегеректеп кошо жылган канчалаган өрт өчүргүч жана «Тез жардам» машинелерин көргөндө түшүндүк.
Атаганат, дайыма эле ушундай болсо кана? Эксперттер айтканга караганда кийинки учурда МИ-8 тик учма көп кырсыкка учурайт. Анын далили катары ушул айдын башында Псков обулусунан чек кайтарган аскерий бөлүккө тийешелүү МИ-8 тик учманын кыйрашын айтышат. Ал Гдовский районуна караштуу Путьково кыштагынын жанына келгенде 150 метрдей бийиктиктен эч себепсиз кулап түшүп анын айдоочусу өлүп, дагы бир киши жарадар болгон.
Саха (Якутия) жумуриятында Чокурдах-Русское устье жолу менен келаткан Ми-8 тик учма да учуп бараткан жеринен кыйрап, транспорт министрлиги маалымдаганга караганда, төрт киши набыт болуп он бир киши жарадар болушкан.
Былтыр 11-мартта да Баренцево деңизинин үстүнөн Ми-8 кыйрап калган. Ал жолу бир киши өлүп 14 киши жарадар болушкан.
6-декабрде Хабаровдук крайынан дагы бир Ми-8 күм жам болуп, үч экипажынын жанын кошо ала кеткен.