Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:26

ТАЛИБДЕР СҮЙЛӨШҮҮДӨН БАШ ТАРТЫП ЖАТЫШАТ


Oоганстанда талибдер түштүк кореялык 22 туткунду бошотуу боюнча ооган өкмөтү менен сүйлөшүүнүн создугуп жатканына нааразылык билдиришти. Бирок ооган өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү корейлерди бошотууга үмүт үзүлө электигин айтып жатышат.

Өзүн талибдердин маалымат катчысымын деп атаган Кари Мохаммад Юсуф, талибдердин туткунундагы корейлердин тизмесин ооган өкмөтүнө тапшырганын жана мындан аркы сүйлөшүүгө негиз жок экендигин маалымдады. Юсуфка шилтеме берип, агенттиктердин кабарлашынча, ал ошондой эле эгер туткундарды күч менен бошотуу аракети болсо, алардын өмүрүнө коркунуч келерин эскертти.

Бирок талибдер менен сүйлөшүү жүргүзүп жаткан делегациянын улук мүчөсү Абдовахид Можахеди жекшембиде Азаттыктын ооган кызматына буларды билдирди:

– Сүйлөшүү уланып жатат, биз талибдер менен сүйлөшүүгө уруу башчыларын жана аксакалдарды жибердик.

Можахеди бирок туткундарды колго түшүргөндөрдүн өздөрү менен бул күнү сүйлөшүү болбогонун моюнга алды. Өткөн аптада туткундардын бири атып өлтүрүлгөн эле.

Түштүк кроеялыктар христиандык соопчулук уюмунун Ооганстанга гуманитардык жардам алып келишкенде барымтага алынган. Туткундардын көпчүлүгү аялдар жана аларды топ-топко бөлүп, ар кайсы жерде кармап жатышкандыгы кабарланууда.

Талибдер калгандарын да өлтүрөбүз деп эскертишкен, бирок буга чейин алар берген бир нече жолку мөөнөт өтүп кетсе да, туткундарды өлтүрүшө элек.

Барымтачылар аларды бошотуу үчүн түрмөдөгү сегиз талибди бошотууну талап кылышууда. Алар ошондой эле Түштүк Кореядан Ооганстанда АКШ баштаган коалициялык күчтөрдүн катарындагы 200 аскерин чыгарып кетүү талабын коюшкан. Анын аралыгында, Түштүк Кореядан атайын жиберилген чабарман Ооганстандын президенти Хамид Карзай менен туткундарды бошотууну талкууламак.

Ооган өткмөтү март айында италиялык туткунду бошотуу үчүн, беш талибге эркиндик берген эле. Карзай кийин мындан ары туткундарды абактагыларга алмашпоого убада кылган. Талибдердин колунда мындан тышкары бир немис жараны жана анын төрт ооган кесиптеши туткунда кала берүүдө. Алар менен кошо кармалган дагы бир немис жаранынын өлүгү табылган.

XS
SM
MD
LG