- Аксы окуясына байланышкан териштирүүлөрдө баштан эле ошол учурдагы президенттик администрациянын башында турган Карыпкуловдун аты аталып келатат. Бирок утур эле иш токтоп, кайра ачылып жатышын ал өзү азыр мыйзам чегинде кабыл алынган чечим эмес, саясий чечим болуп жатат деп айтып жүрөт. Карыпкуловдун сиздин пикириңизде негизги күнөөсү эмнеде?
- Карыпкуловдун негизги күнөөсү Аксы окуясына кийлигишип койгонунда. Султан Урманаев буга чейинки сурактарында такай айтып келатат, эгерде Карыпкулов кийлигишпегенде ушул окуя болбойт эле деп. Аксынын эли Урманаевди күтүп отурган, Карыпкуловдун кандай акысы болгон аны сен тияка барасың, барбайсың деп айткандай. Ал эмне ошол учуруда президент же премьер-министр болсо бир жөн. Мындай айтканда Карыпкулов менин эч кандай тиешем жок деп, актанып чыгып кетти. Элдин баары айтып атышат, Карыпкулов ошол учурда бардык нерсеге кийлигишкен, бардык нерсени өзү башкарып турган деп. Премьер-министрдин эч кандай деле таасири болгон эмес Карыпкуловдун алдында, президенттин ордуна ал башкарып алган. Элдин ичинде ошондой маалымат таратылып жүрөт. Шермамат Осмонов айтып атат, мага көрсөтмө берген эмес деп. Андай боло турган болсо Шермамат Осмонов ага эмне үчүн маалымат берип жүрөт. Менин түшүнүгүм боюнча Шермамат Осмоновго маалыматты толук берген.
- Сартбай мырза, ошол эле учурда азыр сиз айткан ошол кездеги Жалалабат облусунун губернатору Султан Урманаев ал кезде Аксыга барба деп айтып атат деди. Бирок Карыпкулов өзүнүн акыркы интервьюларында айтып атат, антип айтканга менин акым да жок болчу президенттин администрация башчысы катарында. Айткан эмесмин деп кийин Султан Урманаев менен жолукканда дагы ошол суроону койгом, айтып бере албады дейт. Ошол кезде губернатор катары өзүнүн облусунда болуп аткан окуяларга Урманаев президенттик администрациядан уруксат сураш керек беле?
- Ошол кезде Султан Урманаевге ал кишиден уруксат сураганга болмок эмес. Себеби ошол учурда Конституция менен иштей турган болсо ал премьер-министрдин полномочиесине кирмек. Өзүнүн аймагы болгондон кийин ал кайда барса дагы аны чектешке эч кимдин акысы жок болгон. Жалалабат облусунун аймагындагы ар бир точкага барышка да, иштешке да акысы бар. Ошол учурдагы саясий абал Карыпкуловду угушка аргасыз кылган, иштен алып салмак. Карыпкулов кийлигишкен барышына.
- Карыпкулов соңку интервьюларында айтып атат, Аксы окуясы боюнча иштин баарын анын эмнеден келип чыкканын билүү менен башташ керек деп. Анын оюнда Азимбек Бекназаров өзү да ошол окуяларга күнөөлүү. Анткени ошол тапта элди басып тынчытуунун ордуна дүрбөтүп аткан деп. Сиздин оюңузда чын эле элди Бекназаров тынчытпаганы үчүн жоопко тартылышы керекпи?
- Бул кишинин айткан сөзү жаш баланын оюндай болуп атат. Бекназаров түрмөдө отурса кайдан элди тынчытмак эле. Чыгарса тынчытат эле. Бекназаров чыгыптыр деген сөз боло турган болсо эл эч жакка барбайт да болчу, бул окуя болбойт да болчу. Он тогузунда (март) Бекназаровду чыгарып келди, эл бир сөз айтпастан тарап кетти. 25 миң эл турган Кербендин борборунда.
- Жакында Бермет Акаева биздин радионун суроолоруна жооп берип жатып: “Менин оюмча азырынча бардык чындык чыкпайт болуш керек. Себеби биздин президентибиз Курманбек Бакиев ал кезде өкмөт башчы болчу. Анын дагы кандайдыр бир жоопкерчилик күнөөсү бар. Келечекте бул киши бийликтен кеткенде бүт чындык ачыкка чыгат” деп айтты. Сиз бул жолу ишке чекит коюлат деп ойлойсузбу?
- Мен бул жолу ишке чекит коюлат деп ойлобойм. Себеби Бермет Акаеванын атасынын кадрлары эмгиче ошол жерде иштеп атат. Менин минтип ойлогонумдун себеби, Аксы окуясынын күнөөкөрлөрү, ошол учурдагы аким азыр мамлекеттик структурада жетекчи болуп иштеп атат. Ошол учурдагы көчөдөгү элдин алдын тосуп чыккан милициянын кызматкери азыр Чүй облусунда оперативдүү кызматкерлердин жетекчиси болуп иштеп атат. Ошол учурдагы Садиевге али толук айыбын угуза элек.
- Башкы прокуратуранын азыркы чечимин кандай кабыл алдыңыз?
- Азыркы чечимин туура эле кабыл алдым. Канчалык деңгээлде ишти алып чыгат ошого жараша болот.
- Маегиңизге ырахмат.