Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:44

БАЛЫКЧЫДАГЫ ЭКОЛОГИЯЛЫК ПОСТТОН КАНЧА КИРЕШЕ ТҮШӨТ?


Ысыккөл биосфералык коругуна кирүү үчүн Балыкчы шаарына кире бериште атайын коюлган экологиялык посттон ар бир автоунаа 50 сомдон 500 сомго чейин төлөйт. Аталган посттон быйыл жыл башынан бери 5 млн 300 миң сом чогулган. Балыкчы шаардык кеңешинин депутаттары жана шаардык мэрия экопосттон түшкөн кирешеден шаардык бюджетке да каражат түшүүгө тийиш деп талап кылып келишет. Мындан тышкары экологиялык посттон күн сайын түшүп жаткан акча кагаз жүзүндө толугу менен көрсөтүлбөй, айрым шылуундардын чөнтөгүнө кетип жатат деген айыптоолор да бар.

Балыкчы шаарына кире бериштеги Ысыккөл биосфералык коругунун экологиялык постунан облустун аймагына Кыргызстандын Ысыккөл облусунан башка аймагында катталган жеңил автомашиналар 50 сомдон, жүк ташуучу машиналар жана автобустар 100 сомдон акы төлөп киришет. Ал эми чет өлкөлүк автоунаалар 500 сомдон төлөшөт. Өзгөчө азыркы көл туризми күчөгөн мааалда экопосттон өтүп жаткан автомашиналардын саны арбыгандыгы биз ал жерге барган убакта да байкалды. Быйылкы жылы негизи эле экологиялык посттон түшкөн каражат өткөн жылга караганда көбөйгөн. Посттун каржы боюнча жооптуу кызматкери Карыпбек Абдиевдин айтуусунда быйылкы алты ай ичинде өткөн жылга салыштырмалуу 202 пайызга көп акча чогултулган.

Бирок экологиялык посттон күн сайын кирип жаткан автоунаалардан алынган каражат кагаз жүзүндө толук көрсөтүлбөй, кандайдыр бир бөлүгү кимдир-бирөөлөрдүн чөнтөгүнө кетип жаткандыгы тууралуу айыптоолор да айтылып келет. Мындай пикирлерди мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров да кубаттоого алып, эл мүлкүнө кол салгандар жоопко тартыларын билдирген:

-Канча машина кирип жаткан болсо, анын үчтөн бири гана каттоодон өтүп, үчтөн бири гана Ысыккөл облусунун бюджетине түшүп атат. Калган бөлүгү постто иштеген азаматтардын чөнтөгүнө кетип жатат.

Балыкчы шаардык мэриясы жана шаардагы коомчулук атайын комиссия түзүп, анын алты мүчөсү кээ бир күндөрү посттун жанынан кетпей көзөмөл жүргүзүүнү мойнуна алышкан. Комиссия мүчөлөрүнүн бири Марат Исмаиловду экологиялык посттун жанында Балыкчыга кирген ар бир машинаны эсептеп отурган жеринен кепке тарттык:

-Экологиялык постко бир жума көзөмөл кылмай болдук. Бул убакыт ичинде биз посттон кирген автоунааларды санап, күнүмдүк түшкөн акчаны эсептейбиз. Анан биздин чыгарган жыйынтык менен буга чейин посттун жетекчилиги берип келген сумманы салыштырабыз. Эгер дал келбесе же ажырым аябай чоң болсо, бул тууралуу биз коомчулукка жарыя кылабыз.

Марат Исмаиловдун айтуусунда экологиялык посттон Балыкчы шаарынын бюджетине эч кандай каражат түшпөй келген:

-Быйыл гана Балыкчы шаарынын тазалыгына экопост тарабынан 550 миң сом бөлүнүп берилди. Бул постту курууда Балыкчы шаарынын каражаты кеткен, пост биздин аймакта турат. Ошондуктан, биз бул жерден түшкөн кирешеден 10-15% шаардык бюджетке калсын деп талап кылып жатабыз,-дейт Марат Исмаилов.

Ысыккөл биосфералык коругунун аймактык жетекчиси Эмил Каптагаев автоунаалардан жыйналган акча “сол” чөнтөккө түшүп жатат деген пикирлерге карата оюн мындай билдирди:

-Мындай сөздөрдү төгүнгө чыгаруу үчүн биз өзүбүз жактан бир топ аракеттерди көрүп жатабыз. Мисалы: былтыр бүгүнкү күнгө чейин ушул посттон 3 млн 200 миң сом жыйналган болсо, быйыл 5 млн 300 миң сом чогулду. Мурдагы жылы мен иштей элек болчумун, бир жылда араң төрт жарым млн сом чогулган. Биз былтыртан бери төлөмдөрдүн тартибин өзгөрттүк, мурда төлөбөй келген автомашиналардын санын кыскарттык, бул боюнча өкмөттүн атайын токтому чыкты. Мындан тышкары өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалдын стабилдүү болуп жатышы менен Ысыккөлгө чет жактан келген туристтердин саны арбыды. Быйыл бир жыл ичинде экологиялык посттон чогулган каражат 10-12 млн сомго чыгат деп күтүп жатабыз.

Адистердин айтуусунда дүйнөлүк практикада туристтик аймакка кирүү үчүн акы алынбайт. Жергебизге турист катары келгендерди аймакка киргизбей туруп, акчасын алгандан көрө тейлөө сервисин өнүктүрүү жана башка жолдор менен андан көп акча алууга болот дешет алар.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG