Лондондо жекшемби күндөрү чыкчу The Sunday Telegraph гезити мурдагы жекшемби күнкү шайлоолордо ири жеңишке ээ болгон Түркиянын башкаруудагы Адилет жана Өнүгүү партиясынын депутаты Эгемен Багыш мырза менен өткөргөн аңгемесин жарыялады. Премьер-министр Реджеп Тайып Эрдогандын тышкы саясат боюнча кеңешчиси Багыш мырза айткан сөзүндө Түркия Түндүк Ирактагы жикчил тобуна каршы аскердик операцияны жасоого даяр экенин билдирген. Союздаштар ПKK жаратып отурган ачык жана даана коркунучтун тушунда Түркияга жардам колун созуу зарыл экенин баса белгилеп, ал андан ары “эгерде шериктештердин бирөө жардамчы болбой жаткан абалда, ал шериктердин же ниети туура эмес, же жөндөмү жок дегенге жатат» деген. Түркиянын Вашингтон менен чатакташуу ыктымалын дагы көз алдына алып, Иракка аскердик чабуул коюуга даяр экенине Адилет жана Өнүгүү партиясынын көзү жетиши керек экенин далилдеп, ал ошондой эле, «бир секунд деле ойлонбой керектүү нерсени жасайбыз жана эч кимден уруксат сурабайбыз» деп бышыктаган.
Россиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасынын орун басары Владимир Жириновский «славян, түрк жана фин калктары бир тууган. Бул үч калк саясый, экономикалык жана маданий Биримдик түзүп, дүйнөлүк маселелерде сөзү өтө турган бир күч боло алышмак» деп айткан. Түркияда чыгуучу Hürriyet гезити кечөөкү санында Москвадагы булактарга таянуу менен билдирген маалыматына караганда, төрт айдан кийин болуучу шайлоолорго карата даярдык жумуштарын ургаалдаштырган Жириновский Мордовия автономиялык жумуриятындагы бир жыйында айткан сөзүндө «бул мен атап өткөн үч раса Америка маданиятынан жүз эсе, Европа маданиятынан он эсе көөнөрөк бир алака-катышка эгедер. Бул үч калк келечекте түптөй турган супер күчкө айланат» деп ырастаган.
Экс-советтик лидер Михаил Горбачев АКШны «жеңиш комплекси» илдетине чалдыкты деп айыптады. New York Times гезити ишембидеги санында Интерфакска таянуу менен жазган маалыматка ылайык, Вашингтонду бул илдетке эл аралык байланыштарда эч кимди тоотпостугу жана камаарабастыгы алып барганын далилдеген Горбачев, «АКШ ар дайым жеңгиси келет. Вашингтондун бул жеңиш комплекси илдетине чалдыккандыгынын фактысы, дүйнөдө ар бир нерсенин улам татаалдап баратышынын түпкүрүндө жаткан бирден бир себеп» деген. Ал ошондой эле учурдагы АКШ администрациясын жаңы бир империя түзгүсү келип жатат деп айыптап, башка өлкөлөр буга жол беришпей турганын билдирген.
Washington Times гезити кечөөкү санында жарыялаган бир макаласында Түркмөнстанда жаңы президент Гурбангулы Бердимухамеддовдун тегерегинде дагы “жеке адамга сыйынуу культу» жарала баштаганына көнүл бурган. Маркум президент Сапармурат Ниязов өзүнүн атын «Түркмөнбашы» кылып алып, өлкөнүн бардык булуң-бурчтарына чейин өзүнүн айкелдерин тургузганын эске салып, Washington Times эми ошол жеке адамга сыйынуунун илдети Бердимухаммедовдун башкаруусу астында дагы уланар-уланбастыгы АКШ, Россия, Европа жана Кытайды да кызыктырарын жазып чыккан.
Германияда чыгуучу Suddeutsche Zeitung Рим Папасы Бенедикт он алтынчынын жеке катчысы Георгий Гансвейндин «Европа исламдашуу коркунучу менен беттешип отурат» дегенин жазып чыккан. Мюнхен шаарында чыгуучу Suddeutsche Zeitung гезити менен болгон маегинде Гансвейн «Европаны исламдаштыруу максатын көздөгөн далалаттарды көрмөксөнгө сала албайбыз» деп баса белгилеген Бенедикт он алтынчы.