Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:27

АКШнын КОРГОО ЖАНА ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРЛЕРИ ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШКА САПАРГА ЧЫКТЫ


Нарын АЙЫП, Прага Дүйшөмбү күнү АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс менен коргоо министри Роберт Гейтс Жакынкы Чыгыш мамлекеттерине сапарга чогуу чыкты. Америкалык маалымат каражаттары билдиргенге караганда, региондогу алты мамлекетке Вашингтон 20 миллиард долларга курал сатууга даярданып жатат.

Мамлекеттик катчы Кондолиза Райс менен коргоо министри Роберт Гейтс Мисирдин Шарм-эл-Шейх жана Сауд Арабиянын Жидда шаарларына чогуу барып, аталган мамлекеттердин жетекчилери менен жолугат. Андан тышкары Шарм-эл-Шейхте 31-июлда - Перс булуңуна чыккан мамлекеттердин Кызматташуу кеңешинин өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүлөт, ал Кеңешке Бахрейн, Бириккен араб эмираттары, Катар, Кувейт, Оман жана Сауд Арабия кирет. Андан тышкары америкалык министрлер менен жолугуу үчүн Шарм-эл-Шейхке Мисир менен Йорданиянын дагы тышкы иштер министрлери келет.

Жидда шаарында Райс менен Гейтс Сауд Арабиянын падышасы Абдалла менен жолугат, андан соң Райс айым Израил менен Палестинага барат жана Вашингтонго 2-августта кайтып келет.

Америкалык маалымат каражаттары билдиргенге караганда, эки министрдин сапары үч негизги максатты көздөйт: Ирактагы абалды калыбына келтирүү үчүн кошуна мамлекеттерди кеңири тартуу, Палестина менен Израил ортосундагы мамилелерди оңдоо жана региондогу мамлекеттер менен байланышты бекемдеп, күчөп бараткан Ирандын таасирин төмөндөтүү.

Мындай максаттарга жетиш үчүн жалаң гана дипломатия эмес, башка күчтүү ыкмалар дагы колдонууда. АКШнын Эн-би-си сыналгысы ишемби күнү билдиргенге караганда, чөлкөмдөгү алты мамлекетке Вашингтон жакынкы жылдарда эң алдыңкы үлгүдөгү курал сатууга даярданууда жана анын жалпы баасы 20 миллиард долларга жетет. Жорж Буштун жети жылдык президенттиги учурунда мынчалык көп курал бир мезгилде сатылган эмес.

Бахрейн, Бириккен араб эмираттары, Катар, Кувейт, Оман жана Сауд Арабияга жаңы үлгүдөгү ракеталар, "Пэтриот" деп аталган антиракеталык системалар, электроника менен башкарылган бомбалар жана аскерий кемелер менен учактар сатылышы мүмкүн.

Айрым америкалык саясатчылар мынчалык ири көлөмдөгү курал Израилге коркунуч түзүшү мүмкүн деп билдирүүдө жана Конгресстин Эл өкүлдөр палатасынын тышкы байланыштар комитетинин төрагасы Том Лантос маселе боюнча сентябрда атайын парламенттик угуу дагы даярдап жатат.

Конгрессмендер Энтони Вайнер менен Жеролд Надлер жекшемби күнү билдиргенге караганда, Сауд Арабияга курал сатууну токтотуу үчүн алар атайын мыйзам долбоорун дагы даярдайт, анткени Эр-Рияд террорчуларга каршы жетиштүү деңгээлде күрөшпөй жатат. АКШнын Бириккен Улуттардагы өкүлү Залмай Халилзад дагы жакында Сауд Арабияны сындап чыккан.

Мамлекеттик катчылыктын өкүлү Шон Маккормактын пикиринде дагы, Сауд Арабия Иракка көбүрөөк жардам көрсөтсө болмок: "Ирак элине саудиялыктар жардам көрсөтүп жатат, бирок биз андан көптү күтөбүз. Алар коопсуздук маселери боюнча көмөк көрсөтүп, Ирак өкмөтүнүн карызын дагы жеңилдетиши мүмкүн жана мурда берген убадаларын аткарып, колдоосун күчөтсө болот. Достордон талап көбүрөөк болот", - дейт Маккормак.

Пентагондун айтымында, курал сатуу менен кошо аталган мамлекеттер менен атайын чектөө келишимдери дагы түзүлөт, министр Гейтс болсо - мындай куралды араб мамлекеттерине АКШ сатпаса, аталган өлкөлөр аны Орусиядан сатып алышы мүмкүн деп июлдун башында билдирген. Сапар учурунда эки министр бир топ татаал маселелерди чечүүгө тийиш.

XS
SM
MD
LG