Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:10

ГОРДОН БРАУН : БРИТАНИЯЛЫК АСКЕРЛЕР ИРАКТАН КЕТПЕЙТ


Гордон Браун Британиянын премьер- министри катары биринчи жолу АКШ президенти Жорж Буш менен ырасмий сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Жолугушуу Вашингтондун четиндеги Кэмп Дэвид деген резиденциясында өттү. Эки лидер дүйшөмбү күнкү кездешүүдөн кийин Иракта тынчтыкты орнотууга көмөктөшөбүз деп сөз беришти жана Британия- АКШ ортосундагы кызматташуу бекем бойдон кала бере турганын баса белгилешти.

Гордон Браун бир ай мурда гана премьер- министр болгон. Ошондуктан, ал өзүнөн мурдакы премьер Тони Блэрдин Ирак саясатын колдойбу деп суроо салып жатышкан серепчилер.

Сүйлөшүүдөн кийинки пресс- конференцияда Браун британ аскерлери Ирактан чыгарылбай турганын ачык айтты:

-Ирактын демократиялуу жол менен шайланган өкмөтүн жана эларалык коомчулуктун эркин колдоо боюнча биздин аткарчу милдетибиз жана жоопкерчилигибиз бар.

Браун Иракка кошумча аскер жөнөтүү маселеси аскер башчыларынын кеңешине таянып гана чечилерин баса белгиледи. Ал эми Британ-АКШ кызматташуусу орток баалуулуктарга жана узактан келаткан союздук мамилелерге негизделет деди.

Өз кезегинде Жорж Буш жекшемби күнкү сый тамак жана дүйшөмбү күнкү саарлык учурунда Браун менен “өтө маанилүү” жана “жайма жай” талкуу болгонуна, алар эркиндик жана адилеттикти окшош түшүнгөндөрүнө журналистердин көңүлүн бурду:

-Америка жана Британиянын бирдей баалулуктарды бөлүшкөнү маанилүү. Бизде дүйнөдөгү эркиндик жана адилеттик үчүн күрөшүү парзыбыз бар. Бул көз карашты бөлүшкөн жана түшүнгөн адамды таптым деп айтаар элем.

Буш терроризм маселесине да токтолуп, АКШдагы жана Европадагы айрым ырасмий адамдардын терроризмге каршы күрөшүү саясатчылардын эмес, аскерлердин иши деген пикирине кошулбасын айтты. Анын сөзүнчө, террорчулукка каршы күрөштө түрдүү усулдарды колдонуу жана террорчуларды күчтүү идеология менен жеңүү зарыл.

Браундан Буштун береги көзкарашын жактайсызбы деп сурашканда, ал “Албетте” деп жооп берди.

Эки лидердин айтышынча, алар эки күндүк кездешүүдө Ирак темасынан башка да Ирандын ядролук дымагы, дүйнөлүк соода, глобалдык климаттын өзгөрүшү жана Судандын Дарфур провинциясындагы кризис сыяктуу маселелерди да талкуулашкан.

XS
SM
MD
LG