Март айында райондук маданият бөлүмүнүн жертөлөсүнөн белгисиз аялдын мууздалган сөөгү табылган. Ага байланыштуу тартип сакчылары Базаркоргон айлынан Жаркынай Мамажанова жана анын жездеси Хусан Режапов аттуу адамды кармап, кылмыш ишин козгогон. Хусан Режапов жасабаган ишти мойнуна алган эмес. Тартип сакчылары ага энеси менен жолугууга уруксат беришпеген. Ал убактылуу кармоо жайындагы зордук-зомбулук тууралу энесине ал жайдан бошонуп чыккандар аркылуу билдирип турган:
- Мойнуна алган жок. Баламды кыйнаганда мен баламды көрө албадым, жолуктурган жок. Прокуратурага арыздансам жооп беришпеди.
Жаркынай Мамажанова тергөө иши уруп-согуу, коркутуу-үркүтүү ыкмалары менен коштолгондуктан болбогон ишти мойнуна алууга аргасыз болгон. Балалуу келин бул тууралуу облустагы адам укугун коргоочулар менен президенттин алдындагы адам укугун коргоо комиссиясынын өкүлүнө жазуу түрүндө билдирген. Ал эжеси Барчынай Мамажанова менен учурашканда тергөөчүлөр укугун бузгандыктан жасабаган кылмышты мойнуна албай койгонго аргасы калбай калганын айткан:
- Мени уруп жатышты. Адам укугун коргоочуга сен эмнеге арызадансың деп мени кыйнашты. Бычакты мен көтөргөн эмесмин десем, карматып туруп сүрөткө тартты.
Айыпталуучулардын адвокаты Рахман Козубаевдин айтымында кылмыш иши жаңылыш ачылган болуу керек. Анткени, белгисиз аялды шилисине дейре мууздап, омурткаларын кайрып, сөөктөрүн жиликтеп салуу жогоруда аталган балдыз-жезденин колунан келмек эмес:
- Жүлүндөн бери алынып кеткен, териси гана кармап турат. Кайрыганда дагы мындай болбойт, силер жок жерден өзүңөргө күнөөнү алып атасыңар, сегиз жерине бычак уруптур десем. Айла жок, менин үйүмө дейре кысым кылып атышат, ата-энем, кичинекей кызым бар, ошолорду сактап калышым керек деди.
Кылмыш иши 27-июлда экинчи ирет райондук сотто каралган. Судья Мамасалы Токтомушев прокурордун өтүнүчү боюнча ишти кайра тергөөгө жиберип, он күндө кылмыш иши аныкталбаса, айыпталуучуларды абактан чыгаруу токтомун кабыл алган. Бирок, 29-июлда окуяны иликтөөгө барган журналисттерге окуяга байланыштуу кабыл алган токтому тууралу айтып берүүдөн баш тартты.
Райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Гусеин Алиев иш сапарында жүргөндүктөн телефон аркылуу айыпталуучулардан уруп-согулгандыгы жөнүндө арыз даттануу түшпөгөнүн билдирди. Прокурор айыпталуучулардын денесинде уруп-согуунун белгилери болбогондуктан укук коргоочулардын аларды медициналык кароодон өткөрүү жөнүндөгү сунушун четке каккан. Прокурордун орунбасары адам укугун коргоочу Маматжан Абжапаровду кабыл алды:
- Сот сүйлөшпөй койду. Прокурор, милициянын башчылары келип атат десе эле, бардыгы качып кетти. Тергөөгө башынан катышкам, эч ким урган жок. Аял киши башында урду деди эле. Экспертиза өткөргөнбүз, анда денесинен жарат чыккан эмес дешти.
Өлгөн аялдын кебети-кешпири жакында турмушка чыгып, азыр Кочкората шаарында жашап турган Майрам Заировага окшош болгон. Ал сотко барып, өзүнүн тирүү экендигин тастыктаган:
- Чындап сен Майрамсыңбы деди. Ооба, мен Майраммын дедим. Атама да сиздин кызыңызбы деп сурашты, ал дагы тастыктады. Кошуналарым да барды.