Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:13

РОМУЛ ЖАПАРИДЗЕ: КАРООЛ ДӨБӨДӨ МАНАСТЫН КАЗЫНАСЫ КАТЫЛЫП ЖАТАТ


30-июль күнү Бишкекте Талас облусунун губернатору Байымбет Мураталиев “Манас ордо” улуттук комплексинде Кароол Дөбөдө археологиялык казуу иштери убактылуу токтоду деп айткан. Ал эми Таластан кабарчыбыз Уланбек Эсенгелди археологиялык казуу иштери жүрүп жатканын маалымдап, Грузиядагы эл аралык маалыматташтыруу улуттук академиянын жана ошол эле мамлекеттеги “Фазиз” деп аталган академиянын академиги Ромул Жапаридзени археологиялык ишти жүргүзүп жаткан жеринен сөзгө тарткан.

- Ромул мырза, сиздер бул ишти башташ үчүн республикалык деңгээлде кимдер менен сүйлөшүп иш жүргүзүп жатасыңар?

- Келишим «Кредо» деп аталган Москва шаарындагы уюм менен түзүлгөн. Ал эми Кыргызстан тараптан «Манас ордо» фонду менен келишим түзүлгөн. Албетте, өкмөттүн уруксаты жок кирген жокпуз. Атайын өкмөттөн «Манас ордо» комплексинин директоруна сунушталган кат. Ал эми директор бизге уруксат берди. Өкмөттүн жана мамлекет башчынын деңгээлинде уруксат берилген. Ал эми азыр расмий жумуш башталды, бул жака атайын профессионал адистер чакырылмакчы. Бул жерде эки академик иштеп жатабыз. Амина Мунди академиясынын президенти жана мен. Амина Мунди академиясы Россия мамлекетинин карамагында Нальчикте жайгашкан. Ал эми «Эпоха водолея» деп аталган академия Тбилисиде Сандроуги деген көчөдө жайгашкан.

- Эми Кароол Дөбө тууралу айтып берсеңиз?

- Бул имарат 3 миң 160 жыл мурун Манастын учурунда курулган. Бул фундамент, муну курууга 120 миң адамдар кул катары иштешкен. Бул жерде Манас өзүнүн казынасын сактаган. Экинчи июлдан бери иштеп жатабыз. Дагы бизде тунелге кирүү жумушу калды. Ал туннель күн батыштан чыгышты көздөй 99-100 метрдей калды. Качан гана биз ошол туннель менен ичине киргенде ал жакта үч эшик бар, биринчи, экинчи, үчүнчү. Анын ичинде көптөгөн баалуу буюмдар жана эч бир нерсеге бааланбай турган буюмдар бар. 4 миң тонналык алтын жана башка көрнөктөр, Манастын кылычы. Ал эми азыр Манастын руху бул байлыктарды кыргыз элине берүүнү талап кылып жатат. Байыркы кыргыз эли кайра өз оордуна туруш үчүн. Манастын жанындагылар уу берип өлтүргөндөн кийин кытайлык досу келип бардык байлыгын бул жерге көмүп, өзүн жерге коюп кеткен. Эч кандай чабышуу болгон эмес.

- Археологиялык иштер өтө кылдаттык менен казылыш керек эле, бул жерде андай кылдаттык көрүнбөйт?

- Кисточка менен туннелге жеткенден кийин иштей баштайбыз. Ал жакта өтө баалуу тарыхый байлыктар бар. Чакыруу расмий түрдө болот мамлекеттик деңгээлде. Анткени мамлекет тарабынан түзүлгөн комиссия чечимди чыгарат. Азыркы тапта кара жумуш гана жүрүп жатат. Бул жерде эч кандай баалуу азыр буюм жок. Таштар ушул жерде эле жатат. Атайын адистер келип текшерип көрүшөт. Баардык архeологдор келип бул ишке катыша алышат, керек болсо эл аралык аренадагы жана Кыргызстандын. Биздин максат руханий жана материалдык илимди бириктирип жаңы багыттагы жашоону түзүү.

- Бийлик өкүлдөр Кароол Дөбөдө иш убактылуу токтотулду деп айтышууда, ал эми сиздер бул жерде ишти улантып жатасыңар?

- Эгер бул ишти биз токтотсок 49-50 жыл бул жерди эч ким ача албайт жана биздин муундарга эчтеке тийбей калат. Бул Кыргызстандын өнүгүшү үчүн. Эгер кыргыз эли жакшы жашагысы келбесе анда элдин өзүнүн эрки. Бирок, биз туура түшүнүшөт деп үмүттөнөбүз. Кыргыз эли өтө байыркы эл. Биз баарын элге кайрып берели дейбиз жана бул жакта жаткан кылычты берели деп жатабыз.

- Ромул мырза маек куруп бергениңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG