Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:38

ИНГУШЕТИЯДА КУРАЛДУУ КОЛ САЛУУ КӨБӨЙДҮ


Орусиянын түштүгүндөгү Ингушетияда коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүнө карабай, бийлик өкүлдөрүнө жана полицияга каршы кол салуулар уланууда. Москвалык жетекчилер куралдуу кол салууларды коңшулаш Чеченстандагы согушкерлерден көрүшөт. Байкоочулар тымызын козголоң артында жергиликтүү калктын терең нааразы маанайы жатат деген пикирде.

Өткөн аптада Ингушетияда болгон кол салуудан 1 полициячы набыт кетип, үчөө жарадар болду. Орусиялык маалымат каражаттары шейшембиде Нижние Ачалуки кыштагында ички иштер кызматкерлерин ташып бараткан автобус аткыланганын кабарлашты. Бул окуя тууралуу Ингушетиянын ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Яхья Хаджиев билдирди.

- Малгобек районунда полиция кызматкерлерин салып бараткан автобуска күтүүсүз жерден ок ачылды. Кол салгандар кара жигулиге түшүп изин жашырып кетишкен. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Чеченстанга коңшулаш жумуриятта мындай кол салуулар көптөн бери элдин тынчын алып, көнүмүш адатка айланып бараткандай. Өткөн жума бою Орусиянын коопсуздук күчтөрү Ингушетияда атайын рейд өткөрүп, жүздөгөн кишилер суралып, ондогон адам камакка алынды. Дал ошол операция жүрүп жаткан маалда 27-июль күнү Федералдык коопсуздук кызматынын Ингушетиянын борбору Магастагы кеңсесине капыстан ок жаадырылып, 1 офицер өлтүрүлүп, дагы экөө жараат алды. Окуяга катышы бар деп шектелген 4 киши абакка отургузулду.

Андан 3 күн өтпөй ушул дүйшөмбүдө Малгобек районунда полиция бөлүмүнө граната ыргытылып, бир офицер ооруканага жеткирилди. Бийликтегилер бул окуялардын артында чечен сепаратисттери турат деп кайталаганы менен, байкоочулар жергиликтүү жетекчилерге карата карапайым калктын нааразычылыгы чегине жеткенин айтышат. Ingushetia.ru интернет сайтынын башкы редактору Залина Мархиева кол салуулардын уюштуруучулары тууралуу ар түрдүү күдүң кеп арбын экенин белгилейт.

- Булардын артында ким турганын болжолдоп гана болот. Кээ бирлер чабуулдарды уюштургандардын көздөгөн бир кара ниети бар дешет. Дагы бирөөлөр туугандары камалгандар жинденип тымызын кол салып атышат деген пикирде. Аныгын эч ким билбейт.

1999-жылы Орусиянын аскерлери коңшулаш Чеченстанга кайра басып киргенден бери Ингушетияда коопсуздукту бекемдөө максатында далай ирет федералдык күчтөрдүн рейддери өткөрүлүп, исламчыл деп шектелген жаш жигиттер кармалып, алардын айрымдары ошол бойдон көздөн кайым болуп кеткен. Ингушетиянын калкы арасында кадыры бекем мурдагы президенти Руслан Аушев 2002-жылкы шайлоодо Орусиянын коопсуздук кызматынын экс-офицери Михаил Зязиковго уттургандан бери кол салуулар мурдагыдан күчөй түшкөнү байкалган. Коомдук сурамжылоолор көргөзгөндөй, Зязиковдун эл арасындагы бедели өтө төмөн. 21-июль күнү президенттин автокербени жолдо баратканда буктурмадан аткыланып, кол салуудан аз гана жерден адамдар жабыр тарткан жок.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG