- Демилгечи топ азырга чейин каттоодон өтпөгөнүн сиздерге Борбордук шайлоо комиссиясы кантип түшүндүрдү же эч кандай жооп алган жоксуздарбы?
- Алар түз жооп берген жок. Бул жерде мындай, мыйзам боюнча бул каттоону Адилет министрлиги өткөрүш керек болчу. Бирок Адилет министрлиги кандайдыр бир негизсиз шылтоо менен Борбордук шайлоо комиссиясына жиберип койгон бул катты. Борбордук шайлоо комиссиясы болсо ага эч кандай жооп бере албай, биз чече албайбыз, Жогорку Кеңешке кайрылалы, алар жооп берсин дейт. Алар эми сентябрдын башында чогулат. Аны күн тартибине киргизүү алардын пландарында жок. Баарысы мыйзам боюнча жасалып атат. Мисалы, демилгелүү топ мыйзам чегинде топтолгон болчу, алар Адилет министрлигине кайрылганда аларга да жооп бериш керек.
- Бирок демилгечи топтун, башкача айтканда сиздердин идея Кыргызстанда баштан эле жалпы маалымат мейкиндигинде анча колдоо таппай келаткандай көрүнөт. Коомдук жана саясий ишмерлер, мына аны өзүңүз да уктуңуз, начар идея деп айтып атышат. Сиз ушул макалада айтылгандай Кыргызстан Орусияга кошулуш керек деп жатасыз. Бирок ушул идеяңыздар эл тарабынан колдоого алынат деп толук ишеним менен айтууга кандай негиз бар дейсиз?
- Азыркы сүйлөгөн эки кишинин оюн башынан эле билем. Экөө реакционер. Жакшы бир нерсеге дайыма эле каршы чыгат, же бизден демилге чыкса алар ошого дайыма каршы чыгат. Бийлик деле ошондой болуп атат. Мен бир эле мисалды келтирейин, апрель-март айларында өткөн сурамжылоо боюнча 93 пайыз суралган кишиден ооба Орусияга кошулуш керек деген, андан кийинки 60 пайыз Казакстан менен кошулуш керек деген. Калган пайыздар төмөн болуп башка өлкөлөрдү айтып атышат. Элдерде ушундай түшүнүк бар. Тургуналиев бир нерсени билди дейсиңерби. Алар референдум өткөрөбүз, парламентти таратабыз деп кол топтоп аткан болчу. Көрсө калп турбайбы. Мисалы биз мыйзам чегинде кол топтойбуз дегенде бизге жол тосуп атат. Алар эч жерден регистрациядан өтпөй, кур сөз менен эле айтып атат. Ошондон эле билсе болот.
- Мен сизге башка маселе жөнүндө да бир суроо берип калайын деп атам. Бириккен фронт апрель митингдерин өткөргөндө Нарында сырдуу жагдайда көз жумган Бектемир Акуновдун уулу Урмат Акунов кечээ таңкы “Азаттыкта” айтты, азыр Феликс Куловдон дагы, бириккен фронттун башка лидерлеринен дагы эч кандай колдоо болгон жок деп. Ал бириккен фронтко нааразы экенин айтып атат, сиз ага кандай жооп берет элеңиз?
- Ал жигит али жаш, көп нерсени билбейт. Биз колдогондой башка эч ким колдогон жок. Акуновдун ушундай окуяга кабылганына биз митинг өткөргөн жерден эле элдердин колдоосун алып, акчаны жыйнап берип ийген болчубуз. Колдон келген нерсени жасаганбыз. Мындан артык эмне кыла алабыз.
- Акчалай жардам бердиңиздер беле?
- Акчалай деле жардам бергенбиз.
- Маегиңизге чоң ырахмат.