Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:22

ФЕЛИКС КУЛОВГО АЙЫП ТАГЫЛДЫ


Аманбек Жапаров,Бишкек Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан экс-премьер-министр, “Келечеги кең Кыргызстан үчүн” бириккен фронтунун лидери Феликс Куловго 19-апрелдеги баш аламандыкты уюштурган делип, Кылмыш кодексинин 233-беренесинин биринчи бөлүгү боюнча айып тагылды. Айрым саясатчылар бийликтин бул кадамын оппозицияга саясий куугунтуктун улантылышы катары баалашууда. Ал эми аталган комитеттин басма сөз кызматы, Куловго мыйзам чегинде айып тагылган деп эсептейт.

Бириккен фронттун лидери Феликс Куловдун адвокаты Любовь Иванова, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө тобу бүгүн Куловду суракка чакырып, ал жерден ага 19-апрелде массалык баш аламандыкты уюштурган делип айып тагылганын угузушту, деп билдирди «Азаттыкка.

- Кылмыш кодексинин 233-беренеси боюнча, массалык баш аламандыкты уюштурган делип Куловго айып тагышты. Эми тергөө иштери болот.

Адвокаттын айткандарын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматынын башчысы Рысбек Быкын уулу тастыктап, Куловго Кылмыш кодексинин 233-беренесинин биринчи бөлүгү боюнча айып тагылганын, экс-премьер-министрден Бишкектен чыкпоо тууралуу тил кат алышканын айтты. Ал ошондой эле Куловго коюлуп жаткан айыптар мыйзамдын чегинде жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Ал эми «Кыргызстан патриоттук кыймылынын» кеңешинин мүчөсү Мукар Чолпонбаевдин пикиринде 19-апрелдеги тынч митингде баш аламандыкты милиция кызматкерлери өздөрү уюштурган.

- Чындыгын айтканда, 19-апрелдеги тынч митингде массалык баш аламандык болгон эмес. Баш аламандыкты милиция кызматкерлери өздөрү уюштурган. Эми Куловго жалаа жаап, айып тагып атышат. Балким муну менен баягы 1937-жылдагы окуядай кылабыз деп атышса керек.

Буга чейин 19-апрелдеги тынч митингде баш аламандыкты уюштурушкан делип бириккен фронттун штаб жетекчиси Өмүрбек Субаналиев, «Реформа үчүн кыймылдын» мүчөсү Өмүрбек Абдырахманов, «Канжар» жаштар уюмунун лидери Адилет Айтикеев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына камакка алынып, кийин парламент депутаттарынын кепилдиги менен убактылуу бошотулган. Бириккен фронттун мүчөсү Виталий Искаковдун айтымында, ага жана Өмүрбек Субаналиевге 19-апрелдеги баш аламандыкта Ички иштер министрлигине төрт миллион сом чыгым келтирген деп биринчи май райондук прокуратурасы тарабынан айып тагылып, алардын сотук териштирүүсү дагы эле уланууда. Митингдин катышуучулары Асия Сасыкбаева, Чолпон Жакупова жана башка митингдин катышуучулары Улуттук коопсуздук боюнча мамлкететтик комитетке суракка чакырылып жүрүшөт. Феликс Куловго айып коюлганына «Ата мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев пикирин төмөндөгүдөй билдирди.

- Менин оюмча Куловго бул айып тагуу негизсиз. Бийлик саясий куугунтуктоонун, кысымга алуунун, басым көрсөтүүнүн бир формасы катары тандап алып атат. Бул бийликтин жүргүзгөн чала сабат аракеттери деп эсептейм. Эл ансыз деле бүгүнкү бийликтин жүргүзгөн саясатына нааразы. Бул бийликтин маскасын биротоло ачып, алардын жүзүн көрсөтөт деп ойлойм. Массалык баш аламандыкты уюштурду деп айып тагуу мүмкүн эмес. Анткени массалык тартипсиздик болгон эмес. Массалык тартипсиздикке окшогон аракеттер милиция тарабынан провокациялык аракеттер болуп, адамдарды негизсиз куугунтуктап, атайын каражаттарды колдонгондон кийин гана бир аз баш аламандык пайда болгон. Бирок зордук-зомбулук милиция кызматы тарабынан жүргүзүлгөндүгү элдин баарына маалым.

XS
SM
MD
LG