Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:53

ЖЫПАРГҮЛ АРЫКОВАНЫН ЖАКЫНДАРЫ ПИКЕТКЕ ЧЫГЫШМАКЧЫ


“Мамлекетке чыккынчылык кылган” деген айып менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин абагында отурган журналист Жыпаргүл Арыкованын жакындары пикетке чыгышмакчы. Алар Бишкек шаардык соту Жыпаргүл Арыкованын баш коргоо чарасын өзгөртпөсө, ШКУ саммити өтүүчү күндөрү Акүйдүн алдына нааразылык иш-чарасын уюштурарын билдиришүүдө. Жыпаргүл Арыкованын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча ишти шаардык сот качан карары белгисиз.

Жыпаргүл Арыкованын баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу арыз менен анын адвокаты Айжан Касымалиева өткөн жуманын башында Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Арыз айыпталуучунун ден-соолугу начарлап кеткендиги менен байланыштырылган. Адвокаттын “Азаттыкка” билдиргени боюнча арызга Жогорку Кеңештин 8 депутатынын Жыпаргүл Арыкованын эч жакка кетпешине кепилдик берген каттары да кошо тиркелген:

-Бизде баш коргоо чарасына өзгөртүү боюнча мыйзам талап кылган нерселердин баары бар. Депутаттардын кепилдиктери да бар.

Адвокат Айжан Касымалиев арызды Бишкек шаардык соту качан карары белгисиз болуп жаткандыгын да кабарлады. Жыпаргүл Арыкованын баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен адвокат буга чейин Биринчи май райондук сотуна да кайрылган. Бирок сот өтүнүчтү канааттандырган эмес.

Жыпаргүл Арыкованын жакындары эми Бишкек шаардык соту анын баш коргоо чарасын өзгөртпөсө, Шанхай кызматташтык уюмунун Бишкекте өтүүчү Саммит күндөрүндө Өкмөт үйүнүн алдында нааразылык чараларын уюштурарын айтып жатышат. Бул тууралуу Арыкованын апасы Тамара Кыязова төмөнкүлөрдү айтты:

-Эгерде шаардык сот акыйкаттык менен карабай, баламды кайра абакка алпарып камаса, туугандары, ата-энеси, Кочкордогу бизди колдогон эл пикетке чыгууга даярбыз. Бирок айтып коеюн: биз кыйкырбайбыз, таш ыргытпайбыз, тартип бузбайбыз. Болгону акыйкаттык талап кылып, анын башкоргоо чарасын өзгөртүүнү талап кылып, Жыпардын сүрөтүн кармап, үч жаштагы уулу турат, биз турабыз.

Тамара Кыязова кызынын күнөөсүздүгүн айтып, бул тууралуу бүгүн, 2-август күнү атайын маалымат жыйынында коомчулукка кайрылуу жасай тургандыгын жана жалпы кыргыз элине Жыпаргүл Арыкованын ак жерден караланып жаткандыгын жарыялай тургандыгын маалымдады.

Айыпталып жаткан журналист менен Президенттин алдындагы адам укугун коргоо комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун жолугушуп чыккандан кийин, аталган комиссиянын атынан да шаардык сотко Арыкованын баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу арыз жолдонгон. Турсунбек Акундун коомдук орун басары, укук коргоочу Азиза Абдурасулова саммит күндөрү пикетке чыгуу туура эмес, аларга күч колдонулуусу мүмкүн деп эсептейт:

- Саммит күндөрү пикетке чыкпай эле койгула деп кеңеш берип атабыз. Анткени саммит мамлекеттик деңгээлде өткөрүлүп жаткан иш-чара болгондуктан, аларды Акүйгө жолотпойт, күзөт аябай күчтүү болот. Алар өздөрү эле жабыркап калуусу мүмкүн. Себеби ал күндөрү кандайдыр бир нааразылык чараларын өткөрүүгө ал күндөрү эчкимге уруксат берилбейт.

Жыпаргүл Арыкова Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 292-беренеси боюнча “мамлекетке чыккынчылык кылган” деп айыпталып, 19-июнда камакка алынган.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG