«Эмне үчүн биз орус болбогон калктар өзүбүздүн балдарыбызды мектепке, институт менен университетке жиберип атып коркушубуз керек? Эмне үчүн биздин Баш мыйзамыбызда жазылган укугубуздун кепили болчу президентибиз менен Башкы прокуратура ар бир эл, ар бир атуулду жашоо укугу менен камсыз кылып, аны коргоп бербөөгө тийиш?» - деген.
Президент Путин болсо чет элдик жана орусиялык журналисттер менен болгон жолугушуу сайын мындай суроого жооп берип келатат. Маселен, былтыр 31-январда мындай деген:
- Эгерде улутчулдук маанайда жасалса анда ал коомдук тартип сактоочу органдары тарптан тиешелүү кейипте мүнөздөлүп, баа алышы керек.
Мына ошондой баанын бирин орусиялык мусулмандар жаатынын жетекчиси 31-июлда айткан. Бирок анализчилер анын деле суу кечпес кеп экенин белгилешүүдө. Эмне дегенде 26-июлда кол коюп бекиткен экстремизм турпаты боюнча жаңыртырлып кабыл алынган мыйзамда идеологиялык, саясий, түсүнө карап бөлүү, улутуна карап же динине карап касташууга каршы чакырык таркаткандар да айыптуу болуп эсептелишет дешет.
Кандай болгон күндө да «Сова» анализдөө борбору 26-июлда таркаткан маалыматта Орусияда бул жыл ичинде 300дөн ашуун славян эместерге улутчул жаштар кол салуусу болгон. Анын айынан 36 киши курман болушуп 268 киши жарадар болушкан. Улуттук жек көрүү маанайда кол салуу 31 региондо катталган. Эң көп кол салуу Маскөө, Санкт-Петербург жана Нижний Новгороддо жолуккан.
Орусиялык муфтийлер кеңеши кайрылуу таркаткан шейшемби, 31-июлда да Өзбекстандык бир атуулду Санкт-Петербургда бычактап кетишкен.