Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:54

КЕЗЕКСИЗ ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛОО УКРАИНАНЫ САЯСИЙ КРИЗИСТЕН ЧЫГАРАБЫ?


Бүгүн Украинада ырасмий түрдө шайлоо өнөктүгү башталат. Өлкө президентинин жарлыгына ылайык, Жогорку Радага кезексиз шайлоо 30-сентябрда өтөт. Премьер-министр Янукович жетектеген өкмөт менен болгон тирешүүдөн улам соңку алты айда президент Ющенко бир да мыйзамга кол койбоду. Июнда оппозициячыл 169 депутаттын парламентти таштап кетүүсү - президенттин парламенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда жарыялоосуна негиз болду.

Президент Виктор Ющенко 1- августа жарыялаган жарлыгында Жогорку Раданы мөөнөтүнөн эрте таркатууну: анын ургаалдуу иштей албай жатканы менен түшүндүрдү. Ющенконун пикиринде, жарым жылдан бери созулган саясый кризис өлкө үчүн жакшы сабак болуш керек.

“Азаттыктын” талдоочусу Ян Максимюк кезексиз шайлоо Украинадагы саясый кризиске чекит койоруна ишене бербейт:

- Коомдук пикирди билүү үчүн өткөрүлгөн бардык изилдөөлөргө караганда болочокку парламент азыркысынан көп айрымаланбайт сыяктанат. Премьер- министр Виктор Янукович жана Региондор партиясы азыркы өкмөттү жаңылашы гана ыктымал. Балким, Региондор партиясы ющенкочул шайлоо блогу- “Биздин Украина” жана “Элдик коргонуу” менен коалиция түзүшү мүмкүн.

Президент Ющенко тарабындагы партиялар Украинанын НАТОго жана Евробримдикке кирүүсүн жактайт. Премьер Виктор Янукович башындагы региончулар ага карамандай каршы. Бул эки тарапты араздаштырып, өлкөнү саясый туңгуюкка такаган экинчи олуттуу маселе- региончулардын орус тилине мамлекеттик тил макамын берүү аракети.

60 күнгө созулган өнөктүк башталбай жатып “Биздин Украина” жана “Элдик коргонуу” блогу Жогорку Раданын депутаттарын кол тийбестик укугун алып салуу демилгеси менен чыгышкан. Бул алардын шайлоо өнөктүгүндөгү “туз картасы” болчудай.

Серепчилердин болжошунча, экс- премьер Юлия Тимошенконун блогу бул ирет парламенттик шайлоого өз алдынча катышат. Алар өткөн шайлоодо Ющенко менен бир альянста болушкан.

Көпчүлүк украиндер Жогорку Радага эскиден тааныш саясатчылар келерин айтышат. Ольга деген аял “Азаттыкка” берген интервьюда мындай деди:

- Жогорку Радада кайрадан эле баягы эле партиялар, баягы эле жүздөр болот. Мен элдин добушун бурмалап санабай, алар тандаган адамдар шайланат деп күтөм. Шайлоо калыс өтсө чоң жылыш болот.

Киевдин Социологиялык жана саясый изилдөөлөр борбору бир апта мурда өткөргөн сурамжылоо украиналык шайлоочулардын жарымы 30- сентябрда добуш берүүгө катышаарын көрсөттү. Ошол эле учурда алардын 26 проценти али ыргылжың абалда. Маанилүү саясый өнөктүккө катышпайм дегендер 13 процентти түзөт.

XS
SM
MD
LG