“Мамлекетке чыккынчылык кылган” деген айып менен кармалып, камакта жаткан Жыпаргүл Арыкованын баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу арызды Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы жабык эшик артында карады. Сот жараянына айыпталуучунун адвокатынан башка эчким катыштырылган жок.
Бишкек шаардык соту өзүнүн арызын канаттандырбаган чечим чыгарганы тууралуу адвокат Айжан Касымалиева буларды айтты:
- Соттук коллегия Жыпаргүл Арыковага коюлуп жаткан айыптын өтө оор кылмыш болгондугу менен байланыштырып, анын баш коргоо чарасын өзгөртүүдөн баш тартты. Кылмыш жаза кодекси боюнча ага тагылып жаткан кылмыш оор кылмыш деп эсептелет, күнөөлүү болсо мүлкүн конфискациялоо жолу менен он беш жылдан жыйырма жылга чейинки эркинен ажыратуу каралган. Арызды канааттандырбоого негизги себеп катары мына ушул негиз айтылып жатат.
Айжан Касымалиева бүгүнкү күнгө чейин ал тергөө материалдары менен тааныша электигин кабарлады:
- УКМКнын тергөөчүсү мага бүгүнкү күнгө чейин ишти тааныштыра элек. Иш жашыруун болгону үчүн мен тергөөнүн аягында гана тааныша алам. Буга мыйзам да жол берет. Ошондуктан, иште кандай далилдер бар, Жыпаргүл Арыковага айып кандай далилдер менен коюлуп жаткандыгы мага али белгисиз болуп жатат.
Жыпаргүл Арыкованын туугандары анын баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу арызды Бишкек шаардык соту канааттандырбаса, ШКУ саммити өтүүчү күндөрү нааразылык акцияларын уюштурарын билдиришкен. Алар бүгүн сот жараянынан кийин маалымат жыйынын өткөрүп, эми пикетке чыгууга даяр экендигин айтышты. Айыпталуучунун атасы Турдубек Арыков кызы саясий оюндардын курмандыгы болуп жатат деп белгиледи:
- Биз дагы адамгерчилик менен ШКУ саммити алдында пикетке барбайлы, мамлекеттик чоң саясий чогулуштун алдында абийирибизди жалпы кыргыз элинин бетине жаппайлы дегенбиз. Бирок Бишкек шаардык сотунун чечиминен кийин биз пикетке сөзсүз чыгабыз. Эл-журтубуз даяр, эл бар.
Жыпаргүл Арыкованын ата-энеси кызынын тагдырына кайдыгер болбошун өтүнүп, президент Курманбек Бакиевге кат жолдошкон. Мындан тышкары Кочкор районундагы Исакеев айлынын 120 тургуну жалпы кыргыз элине Жыпаргүл Арыкованын күнөөсүздүгүн белгилеп, аны колдоп, пикет-митингдерге чыгууга даяр экендигин билдиришкен кайрылуу жазып жиберишкен. Айыпталуучунун айылдашы Эрмек Токтосунованын айтуусунда саммит өтүүчү күндөрү Өкмөт үйүнүн жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имаратынын алдына пикетке чыгышмакчы:
- Биз эртең менен сот башталаарда Жыпаргүл менен чала-була жолугуп калдык. Ал бизден “пикетке чыкпагыла” деп өтүндү. Биздин да шаардык соттон үмүтүбүз бар болчу. Азыркы минутадан баштап, биз да намысыбызга келип турабыз. “Алы жетпеген акыретчил” дегендей биз да колубуздан келгенин жасап, кызыбыздын актыгына жетели деп турабыз.
Жыпаргүл Арыкова кылмыш-жаза кодексинин 292-беренеси боюнча “мамлекетке чыккынчылык кылган” деп айыпталып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан 19-июнда камакка алынган.