ТАЛАС. Өзбекстан мамлекетине караштуу Самарканд шаарында жайгашкан ЮНЕСКОнун Борбордук Азия боюнча эл аралык изилдөө институтунун директору Кадича Ташбаева Кароолдөбөдөгү археологиялык иш тууралу “Манас ордо” улуттук комплексине атайын келген. Ал “Манас ордо” улуттук комплексинин башчысы Ормош Чоюнбаев ал жака кирүүгө тоскоолдук кылууда дейт: - “Манас ордонун” директору экинчи жолу биздин киргизбей койду. Жасаган мамилеси боюнча кызматтык ордуна эч туура келбеген адамды коюптур,- деди Кадича Ташбаева. Анын айтымында Кароолдөбөнүн ичинде эч кандай баалуу заттар жок. Мындан тышкары эки күндөн бери маданият министрлиги тарабынан түзүлгөн 7 адамдан турган комиссия келип текшерип жатышат. Бирок “Манас ордо” улуттук комплексинин башчысы жана комиссиянын башында турган маданият министрлигинин эстеликтерди коргоо бөлүм жетекчиси Баракан Карымшакова аталган иш тууралу маалымат берүүдөн баш тартышты. (UA)