Түштүк кореянын 21 жаранын барымтада кармап турган ооган талибдери бул өлкөнүн өкүлдөрү менен туткундардын тагдыры боюнча сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди. Бирок бул өлкөнүн Кабулдагы элчилиги мындай жолугушууга барар-барбасын азырынча ырастай элек. Өткөн айдын он тогузунда талибдер түштүк кореялык 23 миссионерди барымтага алышып, ооган бйликтерине өз согушкерлерин абактардан бошотуу талабы койгон. Ооган бийликтери болсо мындай талапка көнгөн жок. Кийинчерээк талибдер барымтадагылардын экөөсүн өлтүрүшкөн.