Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:54

Нарын АЙЫП, Прага Ирак өкмөтүн түзгөн саясий коалицияга кирген сунни мусулмандарынын ири уюму 1-августта коалициядан чыга турганын жарыялады. Айрым эксперттер аны саясий кризис деп бааласа, башкалар - сүйлөшүүлөр уланууда жана кризиске жеткирбей, абалды жөнгө салуу дагы мүмкүн деп билдирүүдө.

"Ирактын ынтымак фронту" деп аталган суннилердин саясий кыймылынын жетекчилеринин бири Рифаа ал-Иссауи 1-августта журналисттерге билдиргенине караганда, Кыймылдын атынан өкмөткө кирген алты министр өз кызматтарын таштайт, анткени өкмөт реформа жүргүзбөстөн. кыймыл тарабынан мурда айтылган сын менен сунуштарга жооп бербей жатат.

Ирактын президенти азыр күрд, премьер-министр - шийи мусулмандарынын өкүлү, парламент спикери болсо сунни, бирок өкмөт мүчөлөрүнүн арасында шийилер көпчүлүктү түзөт, анткени парламенттик шайлоодо шийи уюмдары жеңип чыккан.

Суннилер буга чейин - саясий себептен камакка алынган адамдардын баарын бошотууну жана өлкөдө бирдиктүү өкмөттүк армия түзүүнү талап кылып келген. Иракта азыр ар бир саясий партиянын өзүнүн куралдуу күчтөрү бар. Андай талаптардын ичинде - июнда камакка алынган маданият министри Асад ал-Хашимини бошотуу өтүнүчү да бар, анткени суннилердин айтымында, ал саясий себептерден куугунтукталууда. Хашими - башка бир сунни саясатчысынын өмүрүнө кол салууну уюштурган деп күнөөлөнүүдө.

Ошол эле июнда парламент спикери Махмуд ал-Машхадани кызматынан четтетилгенде, "Ынтымак фронтунан" парламентке шайланган депутаттар сессияларды бойкоттой баштаган жана июлдун ортосунда Машхадани өз кызматына кайтарылган. Спикер - маалымат каражаттарына интервью бергенде башка саясатчылардын намысына тийген деп күнөөлөнгөн.

Вице-премьер-министр Бархим Салихтин айтымында, азыркы түзүлгөн абал - акыркы жылдарда Иракта орун алган эң ири саясий кризис, бирок АКШ өкмөтүнүн басма сөз катчысы Тони Сноу билдиргенге караганда, абал кандай өнүгөөрү азырынча так белгисиз, ошондуктан корутунду чыгарууга шашпаш керек: "Окуялар кандай өнүгөөрүн дагы көрөлү, анткени тараптар ортосундагы сүйлөшүүлөр дагы уланып жатат. Эсиңерге салайын, ал сүйлөшүүлөргө башкалардын арасында бул уюмдун жетекчиси дагы катышууда, алар азыр саясий мунаса издеп жатышат",- деди Сноу 1-августта.

"Ирактын ынтымак фронту" коалициядан чыгаары жөнүндө Иссауи жарыялаганда, ал жыйынга уюмдун төрагасы Аднан ад-Дулейми катышкан эмес жана айрым кабарларга караганда, башка партиялардын жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү азыр Дулейми жүргүзүп жатат.

Андан тышкары, Кыймылга кирген Ирактын исламдык партиясынын төрагасы жана өлкөнүн вице-президенти Тарик ал-Хашими билдиргенге караганда, анын өз кызматынан кетүү ниети азырынча жок жана маселе жакын арада чечилүүгө тийиш.

Эл аралык кризис тобунун эксперти Жуст Хилтермандын пикиринде болсо, сунни уюму башкаларды опузалап жатат: "Ынтымак фронту' бир кыйла осол аракеттенүүдө. Америкалыктар көптөн бери Ирак өкмөтүн башкарган шийилер менен күрддөргө кайрылып, суннилерге көбүрөөк укук бергиле деп айтып келет. Менин оюмча, бир жылдан бери ар башка сунуштарды айтып, бирок аларды өкмөткө жеткире албаган 'Ынтымак фронту' азыр маселеге америкалык жетекчиликтин көңүлүн бурдурууга умтулуп, жаңы мунасага жетүүгө аракеттенип жатат",- дейт Хилтерман.
Куржундар
​
XS
SM
MD
LG