Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:08

ФЕЛИКС КУЛОВ КАЙРАДАН КАМАККА ОТУРУШУ МҮМКҮНБҮ?


«Келечеги кең Кыргызстан үчүн» бириккен фронттун лидери, экс-премьер-министр Феликс Кулов бүгүн маалымат жыйынын уюштураары күтүлүүдө. Буга Кылмыш кодексинин 233-беренесинин биринчи пункту боюнча Куловго айып тагылышы себеп болду. Тагылган айып далилденген шартта оппозициянын лидери сегиз жылдан он жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Феликс Куловдун адвокаты Любовь Иванова айып тагууну күнөөсү бар деп кароого болбойт деп билдирди «Азаттыкка»:

- Кылмыш кодексинин 233-беренесинин биринчи пунктунда массалык баш аламандыкты уюштургандарга ушундай жазаны белгилеген. Куловдун аракеттеринде эмне массалык баш аламандыкты уюштуруу барбы? Кимдир бирөө баш аламандыкты уюштурганын далилдедиби? Ал митинг уюштурду, бирок, массалык тартипсиздикти уюштурган жок. Бул ар башка түшүнүк.

Феликс Кулов өзү да митингди кууп-таркатуу жүрүп жаткан кезде өз өнөктөштөрү менен бирге маалымат жыйынын уюштуруп, өзүнүн 19-апрелде аянтта болбогондугун белгилеген:

- Мен ал кезде аянтта болгон эмесмин. Мен келгенде айткандарды угуп, дароо жагдай жакшы эмес экенин түшүнүп, саат 22де кеңешме өткөрүүгөбашчыларды дароо чогултууну Мелис Эшимкановдон сурандым. Чагым башталып жаткандыктан аракеттенүү тактикасын өзгөртүү керек болчу.

Бириккен фронт уюштурган мөөнөтсүз митингдин катышуучуларын кууп таркатуу учурунда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, ички иштер министри Болотбек Ногойбаев 19-апрелде баш аламандыкты митингичилер уюштурду деп, алар өз жазасын алышы керек экендигин белгилеген:

- Иш козголгондон кийин митингди уюштуруучуларга сөзсүз чара көрүлөт. Прокуратура иш козгоду, эми тергелет.

Кийинчерээк Коопсуздук кызматынын сурагында Кулов эки ирет болуп, бирок, айып тагуу маселеси анда көтөрүлгөн эмес. Үч айдан кийин Куловго айыптын тагылышы тууралуу Коопсуздук кызматы да, баш прокуратура да эч кандай расмий маалымат тарата элек. Тагылган айып тууралуу экс-премьер министр өзүнүн көз карашын бүгүн ачыктаары күтүлүп жатат. Ошол эле учурда анын тарапкерлери муну бийликтин оппозицияны биротоло баш көтөртпөй жок кылуу максатында жасаган аракети катары баалашууда. Ал эми Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы, мурдагы бийлик тушунда оппозицияны колдоп жүргөн саясатчылардын бири Мирослав Ниязов тескерисинче бийликтин бул кадамы Куловдун кубатын арттырат деген ойдо:

- Бул бийликтин акылы жоктугу. Кулов саясатчы катары эми… чала болуп калган да. Эми азыр буга кайра күч кошуп атышат. Эми анда эл деле көп чогулган эмес. Амбициялар өтө көп эле. Эл ишенген эмес. Эми ошондой саясат менен азыр Куловго айып тагып, тияк-бияк деп атышбайбы. Эми Куловду кайра эле баатыр кылыш керек да. Бул туура эмес. Мындай жол менен жакшылыкка эч качан бара албайбыз.

19-апрель окуясы боюнча козголгон кылмышты учурда коопсуздук кызматы тергеп жатат. Анын чегинде митинг кууп-таркатылары менен Бириккен фронттун штаб башчысы Өмүрбек Субаналиев, ишкер Өмүрбек Абдырахманов, «Канжар» жаштар кыймылынын өкүлү Адилет Айтикеев Кылмыш кодексинин ушул эле 233-беренесинин негизинде камалып, кийинчерээк депутаттардын кепилдиги астында убактылуу бошотулган. Любовь Иванованын айтымында, Коопсуздук комитети Куловго айыпты 1-августта угузду. Ушул эле күнү жашаган аймагынан чыкпоо тууралуу тил кат жаздырып алды.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG