АКШнын Мамкатчысынын орун басары Ричард Баучердин сөзүнчө, азыр Ооганстан үчүн эң чоң маселе- талиптер болууда. Алар 2006- жылдын жазынан тарта жапырыгын күчөтүшкөнү менен, быйыл чоң ийгиликке жетишпей, террорчулукка ыктап кетишти деп билдирди Баучер:
- Тилекке каршы, талиптер таза террордук тактикага: бомбалоо тактикасына, адамдарды уурдоо тактикасына ооп кеткенине күбө болуудабыз. Алар шаарчалар менен жерлерди жана аскерий обьектилерди алуу үчүн былтыркыдай күч да топтой алышпай, бомба жардырууну, адамдарды өлтүрүүнү жана уурдоону адат кылып алышты.
Баучер АКШнын саясый- экономикалык жана НАТОнун аскерий көмөгү- ооган элинин турмушун жакшыртууну көздөөрүн белгилеп, Ооганстанда акыркы беш жылда жасалган иштерди санап өттү:
- Беш жылда биз жолдорду жана канжолдорду курдук, наристелердин өлүмүн азайттык, 5 миллион баланы мектеп партасына отургуздук…Экономикада, мыйзамдуу экономикада олуттуу өсүш болду. Мурда Ооганстанда азыркыдай жетишкендик болгон эмес. Ооган өкмөтүнүн да абалы бир кыйла жакшырды.
Баучер апийим өстүрүү Ооган өкмөтү үчүн чоң мүшкүл болгонун, бирок апийимчилик негизинен козголоңчулардын астындагы жерлерде өнүгүп жатканын айтты:
- Апийимчилик эрегиш уланып жаткан аймактарда улам күч алып баратканын, кооптуу аймактарда топтолгонун биз да көрүп жатабыз. Калаба менен апийим өндүрүү түз байланышта экени бара бара даана болууда.
Карзай менен Буш Ирандын Ооганстандагы ролун да талкуулашы ыктмал.
- Оогандар Иран түзгөн кыйынчылыктарга кабылууда… Качкындар Ирандан Ооганстанга мажбур жөнөтүлүүдө. Талиптердин Ирандан каруу жарак алганын тастыктаган маалыматтар көп болууда. Ошон үчүн биз баарыбыз Ооганстанда көтөрүлүп жаткан суроо- Ирандын Ооган саясатына кийлигишүүсүн талдап көрүшүбүз керек.
Баучер быйыл АКШ Ооганстанга 10 миллиард долларга жардам берээрин, келерки жылы ал 4, 7 миллиардды түзөрүн да билдирди. Бул бирок АКШ жардамын азайтты дегенди билдирбейт. Себеби, бюджеттен бөлүнгөн 4, 7 миллиард долларга тете акча быйылкыдай эле кошумча булактардан берилет.