Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:56

ФЕЛИКС КУЛОВ: МАГА ТАГЫЛГАН АЙЫП САЯСИЙ БУЮРТМА


Бүгүн «Келечеги кең Кыргызстан үчүн» бириккен фронтунун башчысы, экс-премьер-министр Феликс Кулов маалымат жыйынын өткөрүп, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан массалык баш аламандык уюштурду делип айыпталганы туурасында билдирүү жасады. Анын айтымында, бул айыптоо ачык саясий буюртма болуп саналат.

"Келечеги кең Кыргызстан үчүн" бириккен фронтунун башчысы Феликс Куловго 1-август күнү УКМК Кылмыш кодексинин 233-беренесинин негизинде 19-апрелдеги митинг учурунда массалык баш аламандыкты уюштурду деген айып таккан. Ал бул тууралуу мындай дейт:

- Айып тагуунун негиздеринде юридикалык нормалар сакталган эмес. Ал эми айып тагуу жөнүндөгү токтомдун кадимки эле көркөм чыгарма экендигин далилдештин кереги жок,- деди Ф.Кулов.

Ошондой эле ал апрель айындагы тынчтык митингиси учурунда Бириккен фронттун алдыңкы саптарында жүрүшкөн Өмүрбек Субаналиев менен Өмүрбек Абдырахмановго бийлик бир канча жолу жогорку мамлекеттик кызматтарды сунуш кылганын, бирок алар андан баш тартышканын, кийин алар УКМКда сурак беришип куугунтукка кабылышканын, ушунун өзү азыркы айыптоонун да саясий буюртма экендигин далилдеп турарын баса белгиледи.

Ф.Куловдун ырасташынча, алар бүгүнкү күндө өздүк иликтөө иштерин жүргүзүп, өз алдынча иликтөө комиссиясы миңден ашуун адамды сурашкан.

- Эгер сот боло турган болсо, ошол миңдей адам чыгат да бул - чоң саясий жараянга айланат. Андай боло турган болсо бийликтин кандайча чагымдарды уюштурганын толугу менен көрсөтөбүз. Алардын башкы максаты бизге Кыргызстан менен Орусиянын биригүүсү үчүн кол топтообузга жолтоо болуу.

Ушул эле жылдын апрель айында Ф.Кулов башында турган «Келечеги кең Кыргызстан үчүн» бириккен фронту мөөнөтсүз митинг уюштуруп, кийинчерээк Ички иштер министрлиги тарабынан куулуп таркатылган.(IJz)

XS
SM
MD
LG