Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:57

3-АВГУСТТАГЫ ТАРЫХ ОКУЯЛАРЫ


1825-жылы Т.В.Нюхалов менен Ф.К.Зибберштйндин экспедициясынын бу күнкү сапары Ысыккөл жээги аркылуу уланган. Таанымал тарыхчы А.Н.Бернштам Кыргызстан аймагында жүргүзүлгөн археологиялык изилдөөлөр туурасында маалымат берген.

Т.В.Нюхалов менен Ф. К. Зибберштйндин 1825-жылкы экспедициясынын бу күнкү сапары Ысык көл жээги аркылуу уланган. Ф. К. Зибберштйн Ысык көлдөн жаратылышына жана анын географиялык өзгөчөлүгүнө токтолуп, мындан өткөн кербен жолун сүрөттөйт. Кыргыздардын чыгыш чеги Кытай менен чектешкен Санташ жергесинен башталаары жана мындан кербен жолу өтөөрү белгиленет.

Чоң Алай жана Кичи Алайды жердеген адигине жана мунгуш уруулары 1876-жылдын июль айында орус бийлигине моюн сунган. Фергана аскер губернатору генерал-майор М. Д. Скобелев ушул жылдын 3-августунда аларга төмөнкүдөй үч талап койгон: 1). 6 рубль көлөмүндөгү бир жарым эселик зекет төлөө; 2). Талдык ашуусу аркылуу Гүлчөдөн Кызыл суу өрөөнүнө чейин таш жол салуу; 3). Аскер муктаждыгы үчүн 150 жылкы берүү.
Орус бийлиги койгон талап алайлык кыргыздар тарабынан толугу менен аткарылган.

Пишпек уезддик эл депутаттар кеңешинин төрагасы А. Платов 1919-жылдын 3-августунда мындан ары кеңеш жыйындары калк үчүн ачык өткөрүлө тургандыгын жар салды. Ар жуманын шейшемби жана жума күнкү күндүзгү саат 4төгү жыйындын эшиги каалочулар үчүн ачык деп кабарланды.

Кыргыз ССРинин КП (Б) Борбордук комитетинин II пленуму 1937-жылдын бу күнү ишин аяктады. Кыргыз коммунисттери ВКП (б) Борбордук комитетинде каралган «Кыргыз ССРинин чарбалык жана маданий өнүгүүсүн артыруу маселесине» байланышкан токтомду талкуулашты.

Таанымал тарыхчы А. Н. Бернштамдын 1939-жылдын 3-августунда жазган отчетунда Кыргызстан аймагында жүргүзүлгөн археологиялык изилдөөлөр туурасында маалымат берилет. Анын айтымында мында б. з. ч. III кылымга таандык хунндардын көрүстөнү казылгандыгы жана андан бай тарыхый материал табылгандыгы кабарланат.

Бу күнү, 1492-жылы Христофор Колумб Индияга сапар тартуу максатында батышка беттей биринчи сүзүүгө чыгып, 1795-жылы Париж консерваториясы негизделип, 1936-жылы СССР Элдик комиссарлар кеңеши ГАИ кызматын уюштуруп, 1949-жылы АКШда НБА аталган Улуттук баскетболчулар ассоциациясы түзүлүп, 1981-жылы акын Шамен Токтобаев, 1983-жылы тааныымал акын жана жазуучу Шатман Садыбакасов, 1973-жылы кыргыз жазуучусу Тенти Кыдыралиев дүйнөдөн кайтышкан.
XS
SM
MD
LG