Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:55

ТЕМИР ГЕНЕРАЛДЫН ЧЫРАГЫНА МАЙ ТАМДЫБЫ?


«Бириккен фронттун» башчысы Феликс Кулов массалык баш аламандыкты уюштурду деген айыптын тагылып жатышын саясий буюртма катары баалап жатат. Мындай пикирин саясатчы бүгүн уюштурган маалымат жыйынында билдирди. Анын баамында, бийлик Орусия менен конфедерация түзүү демилгесине тоскоолдук кылуу үчүн ушул ишти жасап жатат. Эки күн мурун Коопсуздук комитети 19-апрелде баш аламандык уюштурулду деген факт боюнча козголгон кылмыш ишинин чегинде, Феликс Куловго Кылмыш Кодексинин 233-беренесинин биринчи пункту боюнча айып таккан.

Бириккен Фронттун жана «Арнамыс» саясий партиясынын жетекчиси, экс-премьер-министр Феликс Куловдун маалымат жыйынында билдиргенине караганда, өзүнө карата козголгон кылмыш иштин келечеги жок.

- Жөнөкөй эле жагы азыркы жетекчилерге аброй алып келбейт. Анткени, демократ президент Акаев мени түрмөгө отургузса, революциячы Бакиевдин ошону эле жасоого далалаттанып жатышы күлкү келтирет. Алар бул салабаттуу иш эмес экенин түшүнүшөт. Анын үстүнө бийлик тарабынан чагым болгондугун бардыгы билишет.

Куловдун көз карашында, айып тагуу аркылуу бийлик элди ар кандай проблемалардан, Орусия менен биригүүгө байланышкан демилгелерден алагды кылуу, ШКУ саммитинин алдында эл оозунда айтылып жаткан нааразылык акцияларына жол бербөө камын көрүп жатат. Саясатчы саммиттин учурунда кыймыл эч кандай акцияларды уюштурбастыгын белгилеп, бирок, Россия, Казакстан өңдүү мамлекеттер менен союз түзүү демилгесинен кайтпай тургандыгын кыйытты. Анын ишендиргенине караганда, демилге Кыргызстандын тышкы саясатынын багытын аныктоо максатын көздөйт:

- Эгер эл артыкчылыкты Россия, Казакстан жана башка кошуна КМШ өлкөлөрүнө беребиз десе, жетектеп келе турган кайсы жетекчи болбосун тышкы саясаттын багыты ушул экенин билет.

Президенттин карамагындагы адам укугун коргоо комиссиясынын башчысы Турсунбек Акун Феликс Куловго Коопсуздук кызматы таккан айыпты Бириккен фронттун Россия менен конфедерация түзүү демилгеси менен да, президент Курманбек Бакиевдин кызыкчылыгы менен да байланыштырган жок. Укук коргоочу Кыргызстандын эгемендигине шек келтире турган конфедерацияны да, Куловго айыптын тагылышын да колдобойм дейт:

- Эч кандай саясий заказ жок. Бирок, бул Коопсуздук комитетинин бачысы Суталиновдун туура эмес аракеттери деп эсептейм. Менимче президентке жагынайын деген аракети болуп атат. Президент Куловдун артынан түшкүдөй бул Акаев эмес. Андай ишке барбайт.

Мурат Суталинов баштаган Коопсуздук кызматынын өкүлдөрү болсо Феликс Куловго тагылган айып тууралуу да, 14- апрелдеги жана 19-апрелдеги окуялар боюнча козголгон кылмыш иштердинчоо-жайы тууралуу коомчулукка расмий маалымат тарата элек.
Бириккен фронттон бийлик кылмыш издөө аркылуу анын аброюн көтөрүп жатат деп билдирди Кулов бүгүн маалымат жыйынында. Ал ошондой эле парламенттик шайлоодо анын партиясы көп добуш аларына ишенет жана саясий кадыры түштү деген дооматтарды негизсиз деп эсептейт:

- Себеби партия лидерин саясий күрөштөн чыгарганда ошол жарнаманын арты менен көп добуш топтой алат.

Ошол эле учурда Куловдун оппоненттери анын саясий айдыңда апрель окуясынан кийин кадыры кетти дешип, муну Россия менен конфедерация түзүү демилгеси менен байланыштырып жүрүшөт.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG