Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:40

«ГАЗПРОМ» КӨГҮЛТҮР ОТУНУНУН ЧОРГООСУН БУРАП МИНСКИДЕН АКЫ ӨНДҮРДҮ


Муса Мураталиев, Москва Орусиядан көгүлтүр отун алып жагып карызга баткан Беларус жума күнү (3-августта) «Газпром» компаниясына анын 190 миллион долларлык акысын төктү. Орусиялык «Газпром» өкүлү Сергей Куприяновдун айтымында, беларустук тарапка 456 миллион доллардын калган бөлүгүн төгүү бир аптанын ичинде ишке ашышы керектиги эскертилген. Ошондуктан ал убак ичи Минскиге көгүлтүр отунду коюу мурдагы өлчөмдө боло тургандыгын айткан. Бейшембиде Беларус жумуриятынын президенти Александр Лукашенко карызынын баарын резервдик фонддун эсебинен төгүү убадасын берген эле.

«Газпромдун» Минскини омуроого салышы шаршемби күнү башталган жана кат жазылып, анда: «январдан тартып июнга чейин пайдаланылган көгүлтүр отундун акысы 456 миллион 16 миң долларга жетти, аны дароо төгүү керек, болбосо жума күндөн тартып Беларус алчу газдын көлөмү 45 пайызга кыскарат»,- деп көрсөтүлгөн.

Беларус лидери Александр Лукашенко болсо теригип, бейшемби күнү: «Орусия биздин кайсы бир эле ишканаларды эмес бүтүндөй өлкөнү менчиктештирип алууну каалайт. Албетте, карызыбыздан кутулабыз… Уго Чавес жана башка досторубуз бизге насыя берет»,- деген эле.

Агенттиктер жазганга караганда кеткен жылдын этегинде эки мамлекет көгүлтүр отун менен калкты тейлөөчү компаниялары («Газпрпом» менен «Белтрансгаз») ишкердик келишим түзүшүп, 2007-жылы орусиядан алынуучу көгүлтүр отун наркы ар бир кубометри үчүн 100 доллардан акы төлөнсүн бүтүмгө токтошуп, этегине колдорун коюшуптур. Ал жерде жазылган эскертмеде Минск үстүдөгү жылдын бирнинчи жарымында жалпы акынын 55 пайызын мурдагы наркта ал эми 1-июлдан тартып анын калганын 100 пайыздык кымбаттаган наркта акы төгүү керектиги айтылыптыр. Ал тургай Маскөө акы төлөөгө келгенде Минскиге аз пайыз тууй турган насыя да берүү кебин кошкон экен.

Бирок ал келишим ариби сакталбай жана келишимдин дал ошол, арзан насыя берүүчү жери күчүнөн кеткендиги Лукашенкону катуу оолуктурган. Ошондуктан ал мындай кадам менен Маскөө мурдагы өнөктөрү КМШ жаатына саясий кол толгоо салууда деп айткан. Бирок андай жорукка Беларус оңой менен моюн сунбашын экерткен. "Кийинки учурда барып, Кремлдин алдына чөгөлөш керек деген кептин четин чыгарышчу болду. Бирок мен ал жакка барып тизелей албаймын!» - деген.

Эмнеси болсо да Маскөө менен Минск алакасындагы көгүлтүр отун айынан кайра тутанган кармаштын өөрчүшү алдыда дешет.

XS
SM
MD
LG