Бейруттун жанындагы Метн районунда шайлоочулар өткөн жылы ноябрда өлүрүлгөн депутат, мурдагы өнөр жай министри Пьер Жмайелдин ордуна талапкерди шайлап жатышат. Ал эми экинчи маркум Мухаммед Амин Итани июнь айында өлтүрүлгөн.
Метн аймагын көбүнесе христиандар байырлаган. Бирок алар 2 жаатка бөлүнгөн десе болот. Алардын бир бөлүгү Пьер Жмайелдин атасы- өлкөнүн мурдагы президенти, антисиярык көз караштагы Амин Жмаейлди колдошот. Ал эми экинчи жарымы оппозициячыл Эркин патриоттук партиянын башчысы, Сирияга ачык эле ыктаган Мишел Аунга өз добуштарын берүүнү каалашат.
Жмайел да, Аун да президент болууга укуктуу, анткени экөө тең христиан марониттер. Ал эми Ливандын баш мыйзамына ылайык маронит гана президент болуп шайлана алат.
Мындан тышкары депутаттыка ат салышууга башка талапкер врач Каммила Хури да катышууда. Добуш берүү үчүн келген Александр аттуу Метндин тургуну буларды айтат:
- Бул шайлоонун бир партиянын жеңишке жетиши керектигинен башка олуттуу мааниси жок. Бул орун Пьер Жмайел үчүн болчу. Мен бул шайлоого аны дагы бир жолу өлтүргүсү келгендерге каршы добуш берүү үчүн келдим.
Шайлоо алдында Метнде Жмайел менен Аундун колдоочулары ортосунда кагылышуулар орун алган. Андыктан ушул тапта коопсуздук күчтөрү күчөтүлгөн режимде иштөөдө. Кафе, түнкү клубдар жана башка көңүл ачуучу жайлар убактылуу жабылган. Ал эми шайлоонун жыйынтыктары 6-августта түштөн кийин белгилүү болмокчу.