Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:54

6-АВГУСТТАГЫ ТАРЫХ ОКУЯЛАРЫ


Батыш Сибирь генерал-губернаторунун казактардын улуу жүз приставы, майор Перемышльскийге жолдогон буйругу 1853-жылдын 6-август айында колго тапшырылды деп катталган. Айрым маалыматтарга караганда кыргыздардын 1916-жылкы боштондук күрөшү 6-август күнү башталган.

Батыш Сибирь генерал-губернаторунун казактардын улуу жүз приставы, майор Перемышльскийге жолдогон буйругу 1853-жылдын 6-август айында колго тапшырылды деп катталган. Буйрукта Или дарыясынын аркы өйүзүнө дейре кыдырып, чеп кура турган жерди тактоо, Илинин өйдөңкү агымы аркылуу Кытайга кете турган жолду белгилөө тапшырмасы жүктөлгөн. Мындан тышкаары, майор Перемышльскийге сарыбагыш кыргыздарынын манабы Ормондун жайгашкан жерин аныктоо керектиги айтылат. Эгер, Ормон хан Илинин аркы өйүзүнө көчүп кете элек болсо, аны Россия империясына букаралыкка алуу керектиги белгиленет. Генерал-губернатордун буйругунда сарыбагыш менен бугу урууларынын мамилеси туурасында кыскача маалымат келтирилет.
Айрым маалыматтарга караганда кыргыздардын 1916-жылкы боштондук күрөшү 6-август күнү башталган. Падышалык Россиянын Биринчи дүйнөлүк согушка катышышынан улам, колониялдык ээликтерден оорук ишине адамдарды алып башташы кыргыз калкынын буга чейинки чыдамын түгөткөн. Ансыз да жер, суусунан ажырап турган калкка аскерге адам алабыз деген падышанын жардыгы отко май чачкандай таасир тийгизген. Падышалык бийликке каршы чыккан адегендеги кыймыл Пишпек уездине караштуу Атаке жана Ботбай болуштуктарында башталган.

Көтөрүлүштүн башталыш маалында адамдар болуш жана пристав сыяктуу бийлик адамдарынын үйлөрүнүн кашына чогулушуп, аскерге чакырылгандардын тизмесин талап кылышкан. Тизмени бербөөгө аракет жасаган бийлик өкүлдөрү аскер чакырышып кырдаалды курчутуп жиберишкен. Аталган болуштуктарда адамдар тизмени күч менен тартып алып, күч органдарына кол слаууга чейин барышкан.

Кыргыздардын 1916-жылкы көтөрүлүшүнө күбө тартылган И. А. Поцелуевдин маалыматына караганда, Сарыбагыш волостунун кыргыздары 6-август күнү Рыбачье кыштагына жакын жерден курал тартып келаткан орус унаасына кол салышкан. Унааны болгону 3-4 чамалуу аскер кайтаргандыктан, кыргыздар 200 чамалуу мылтык, 3000дей окту олжолоп алышкан, деп кабарлаган Иван Поцелуев.
XS
SM
MD
LG