Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:19

ӨКМӨТ КАРООЛ ЧОКУДАГЫ КАЗУУНУ ТОКТОТКОН ЧЕЧИМ ЧЫГАРДЫ


Аманбек Жапаров,Бишкек “Манас ордодогу” казуу токтотулду. Буга байланыштуу бүгүн өкмөттүн токтому чыгат, деп билдирген “Азаттыкка” парламент депутаты Болот Шерниязов. Президенттин алдындагы адам укуктары боюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун, Кароол чокудагы казууну токтотуу тууралуу өкмөттүн чечими чыга турганын тастыктаган. Чындап эле кечке жуук премьер-министр Алмазбек Атамбаев, «Манас ордо» комплексиндеги казууну токтотуу тууралуу жардыкка кол койду.

Парламент депутаты Болот Шерниязовдун пикиринде, эгерде коомдук уюмдардын кийлигишүүсү болбогондо, кыргыздын ыйык жери деп эсептелген Манас баатырдын Кароол чокусундагы казуу тымызын улантыла бермек. «Бүгүн президент Курманбек Бакиевге, «Манас ордодогу» мыйзамсыз казууну токтотуп, жеке көзөмөлгө алуусун өтүнүп кирейин дегем, бирок кирүүнүн деле кажети жок болуп калды. Себеби, президенттин администрация башчысы Медет Садыркулов мага телефон чалып, «Манас ордодогу» казууну токтотуу тууралуу өкмөт бүгүн же эртең чечимин чыгарарын кабарлады», дейт Шерниязов

Президенттин алдындагы адам укутары боюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун болсо Кароол чокудагы казууда мыйзамсыз иш аракеттер болуп жатканы туралуу бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнөн укканын жана бул маселе боюнча парламент депутаттары, «Атамекен» партиясынын лидерлери Өмүрбек Текебаев, Болот Шерниязов менен сүйлөшкөнүн билдирди. Анын айтымында, бул маселеле тууралуу президенттин администрация башчысы Медет Садыркулов менен сүйлөшкөндөн кийин, Кароол чокудагы казууну токтотууга президенттик администрация катуу киришти.

- “Манас ордодогу” Кароол чокуну казууга мамлекеттик катчы Адахан Мадумаровдун визасынан башка эч бир уруксат бере турган документтер жок экен. Буга өкмөттүн чечими, Илимдер академиясынын макулдугу, археологдордун макулдугу керек. Бул маселени мамлекет башчысы таптакыр билген эмес. Өкмөт башчысы казуу тууралуу маалыматы жок экен. Анан бул маселени мамлекеттик катчынын өзү билип, өз алдынча чечкени кандай? Мен ойлоп атам, президенттин коомчулук менен байланыш боюнча кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев, бул маселе боюнча өтө чоң ката кетирди. Мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров да президент менен кеңешпей ката кетирди. Маданият министрлиги убагында токтотуп калбай, булар да ката кетирди. Кыскасы булар бийликти коомчулук алдында өтө уятка калтырып коюшту. Мына ошондуктан ушул кыйын абалды түшүнүп президенттин администрация башчысы Медет Садыркулов, катуу киришип казууну токтотуу боюнча өкмөттүн чечими чыгуу алдында турат,- деди Турсунбек Акун.


Ал эми президенттин коомчулук менен байланыш боюнча кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев, Кароол чокудагы археологиялык казуу өкмөттүн мурдагы токтомунун, жана аталган комплекс менен Орусиянын «Кредо» фирмасынын ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде «Анимус мунди» руханий академиясынын кызматкерлери тарабынан мыйзамдын чегинде жүргүзүлүп жатат, деп буга чейин бир нече ирет айткан.

“Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдар” ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева, “Манас ордодогу” мыйзамсыз казууларды уюштургандар мыйзам алдында жооп бериши керек деген көз карашта:

- Кароол чокудагы казууга уруксат берген адамдарга прокуратура кылмыш ишин козгоп, мыйзамдын чегинде жоопко тартыш керек. Экинчиден археологпуз деген грузиндердин командасы Кыргызстандан кетип кала электе Улуттук коопсуздук кызматы аларды көзөмөлгө алышы керек.

XS
SM
MD
LG