Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:27

ЛИВАНДА СИРИЯНЫ КОЛДОГОН КҮЧТӨР ЖЕҢИШКЕ ЭЭ БОЛДУ


Ливанда 5-августта өткөн эки кошумча шайлоо эки айдан кийин президентти шайлоо ишин татаалдата турган болууда. Эки орундун бирин АКШ колдогон өкмөттүк коалициянын талапкери христиан оппозициясынын лидери, исламдык Хезболла кыймылынын союздашына уттуруп койду.

Өкмөттүн христиан мүчөсү Пьер Жмайель былтыр ноябрда атып өлтүрүлгөн эле. Ал эми парламенттин сунни мусулман мүчөсү Валид Ейдо июнда машина жардыруусунда курман болгон. Аталган маркум депутаттар Ливанда Сириянын таасирине каршы турушканы менен белгилүү болчу. Алар 2005-жылы анти-сириячыл экс-премьер Рафик Харири киши колдуу болгондон кийинки саясий өлтүрүүлөрдүн курмандыктарынын улам өсүп бараткан тизмесин толукташты.

Экөөнүн бош калган ордуна жаңы депутаттарды шайлоо жекшембиде өттү. Жмайелдин ордуна анын атасы, Ливандын мурдагы президенти Амин Жмаель ат салышты. Бирок батыш колдогон, өкмөттөгү көрүнүктүү ишмер, таасирдүү христиан жол башчысы, экс-генерал Михел Аоун, көпчүлүккө анча таанымал болбогон талапкерге жеңилип калды.

Аоун Сирияны колдобойм дегени менен, шийилердин радикал Хезболла кыймылы менен союздаш. Ал эми Хезболла Сирия менен Ирандын колдоосуна ээ.

Жмаель Аоундун өзү колдогон талапкер Жамил Хоуринин жеңиши тууралуу расмий маалымат белгилүү боло электе эле жарыялап жибергенине шектенүүсүн мындайча билдирди:

- Эч ким жеңишти жарыялаганга шашпашы керек. Бул юстициянын чечими болуш керек. Шайлоо жыйынтыгын жарыялаган киши мыйзамды бузуп жатат. Бул жалган жеңиш, нагыз жеңиш силердики.

Жмаелm шайлоонун жыйынтыгын сотко бере тургандыгын бышыктады.

Бул окуяларга байланыштуу эки тараптын колдоочулары кагылышкан учурлар болгон. Аоун чыңалууну жандырууга аракеттенди, бирок шайлоо жыйынтыгын Ливандын турмушунда Хезболланын ролун бекемдеген жана Сирияга карата мамилени жумшартуучу фактор деп мүнөздөдү:

- Бүгүн кечинде баары тынчтык мүнөздө болот деп үмүттөнөбүз. Бул шайлоо биз сыйлаган жана урматтаган маркум Пьер Жмаель туурасында эмес, саясий багытты тандоо жөнүндө болду.

Экинчи шайлоо Бейрутта өттү. Сунни мусулман, маркум Валид Ейдонун мандаты үчүн атаандаштыкка оппозиция катышкан жок, жана анда бийликтеги коалициянын талапкери Мохамад Амин Итани оңой эле жеңишке жетишти. Бирок анын чөлкөмүндө шайлоочулардын 19 пайызы гана добуш берди.

Бул эки шайлоо Ливандын саясий контекстинде эмнени билдирет?

Анатиликтердин болжолунда, алар Аоун президент болуу үчүн жетиштүү таасирге ээ экендигин көрсөттү. Президенттик шайлоо эки айдан соң, учурдагы мамлекет башчысы Эмиле Лаходдун мөөнөтү аяктагандан кийин өткөрүлөт.

Башка аналитиктер жекшембидеги шайлоодо тескерисинче Аоундун беделине шек келди деп эсептешет. Расмий маалымат боюнча, ал колдогон Хоури экинчи болуп келген талапкерден болгону 418 добуш ашыкча алды. 2005-жылдагы шайлоодо Аоундун талапкерлери христиан жамаатынан мындан алда-канча кеңири колдоо алышкан эле.

XS
SM
MD
LG