Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:57

ИРАНДАГЫ САЯСИЙ ЖАГДАЙ


Нарын АЙЫП, Прага Махмуд Ахмадинежад Ирандын жетекчилигине келгенине эки жыл толду. Президенттик антты ал 2005-жылдын 6-августунда берген жана андан бери өткөн мезгил учурунда Ахмадинежад көптөгөн популисттик билдирүү жасады. Аны Иранда жактырган жана жактырбагандар да бар.

Махмуд Ахмадинежаддын алдында сегиз жыл президент болгон Мохаммад Хатаминин учурунда Иранда бир топ реформа өткөрүлүп, өлкө менен башка дүйнө ортосундагы кызматташуу бир кыйла күчөгөн. Ар башка цивилизациялар ортосунда диалог өткөрүлүүгө тийиш деген демилге көтөргөн Хатами Батышта бир топ жогору кадыр-баркка ээ болчу.

Президенттикке Ахмадинежад келгенден кийин абал өзгөрдү жана Батыш менен Иран ортосундагы тирешүү азыр улам күчөп баратат. Президент болгондон кийин Ахмадинежад - Израилди жер жүзүнөн жок кылуу керек деп билдирди:

- Батыш мамлекеттерине айтайын дегеним, бир кезде Советтер Союзу жок болуп кеткен сыяктуу, сионисттик Израил режими дагы жок кылынууга тийиш жана дүйнө элдери андан бошойт.

Анын бул сөздөрү Батышта сынга алына баштаганда, президент - мен жөн гана аятолла Рухолла Хомейнинин сөздөрүн кайталадым деп түшүндүргөн, бирок эксперттердин айтымында, Хомейни Израилдин саясатына каршы болгону менен, эч качан аны жок кылуу керек деп ачык айткан эмес. Анткен менен мындай сөздөр Иран элинин айрым катмарларына жагат, ошондуктан Ахмадинежад дагы көптөгөн башка популисттик билдирүү жасаганын улантууда.

Президент болоор алдында Ахмадинежад эки жыл Тегерандын мэри болуп иштеген жана анын жетекчилиги алдында калаа имараттарында - аялдар жана эркектер үчүн эки башка лифттер курулган, мэрдин буйругу менен эркектер сакал өстүрө баштаган, шаардагы америкалык "Макдоналдс" ашканалары жабылган, Батыштын ырчылары менен артисттеринин рекламалары жок кылынган. Анткен менен атактуу британиялык "Куинз" деген топко андай буйрук тийген эмес, анткени анын ырчысы Фредди Меркюринин теги Ирандан болгон.

Ахмадинежад президент болгондон кийин Ирандын өзөктүк программалары дагы мурдагыдан ыкчам жана кеңири иштетиле баштады, аны менен байланыштуу Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңеши былтыр декабрда жана быйыл мартта эки резолюция чыгарды, эми сентябрда Тегеранга каршы үчүнчү резолюция кабыл алынаары күтүлүүдө.

Ахмадинежад болсо андай резолюцияларды мыйзамсыз деп атайт:

- Коопсуздук Кеңеши 300-, 299-резолюцияны, андан соң дагы башка чечимдерди кабыл ала берет, бирок андан эмне чыгат? Иран өзөктүк дөөлөткө айланып баратканын унутпагыла. Коопсуздук Кеңеши болсо мыйзамсыз чечим кабыл алды жана аны жокко чыгарууга тийиш. Алардын эч мааниси жок, алар адилетсиз. Эгер алар биздин ишти токтотсо, анда сүйлөшө тургандай эч нерсе калбайт,- деп билдирди президент 25-июлда улуттук сыналгы аркылуу чыгып сүйлөгөндө. Мындай сөздөр дагы Иранда көптөгөн адамга жагат.

Анткен менен президенттин популизмине Иранда каршы чыга ала тургандар да бар. 2005-жылдагы шайлоодо Ахмадинежаддын атаандашы болгон Ирандын бир кездеги президенти Али Акбар Хашеми Рафсанжани дагы, Хатами сыяктуу, реформачыл болуп эсептелинет. Ахмадинежад менен Рафсанжани ортосундагы таймаш азыр жаңы деңгээлге чыгууда - өлкөнүн руханий жетекчисин шайлаган Эксперттер кеңешин жакында Рафсанжани жетектеп калышы мүмкүн. 1979-жылдан бери ал Кеңешти башкарып келген аятолла Али Акпер Мешкини 30-июлда 85 жашта каза болду.

XS
SM
MD
LG