Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:42

БУШ МЕНЕН КАРЗАЙДЫ БӨЛГӨН МАСЕЛЕ ИРАН ТЕМАСЫ БОЛДУ


Дүйшөмбү күнү Ооган президенти Хамид Карзай жана АКШ президенти Жорж Буш Вашингтондо кабарчылар менен кездешти. Эки лидер бири-биринен жылуу сөздөрүн аяшкан жок жана терроризмге, апийимчиликке каршы согушка, Ооганстанда демократияны орнотууда бирдей пикирде экенин ырасташты. Буш бирок Иран маселесинде Карзайды колдобосо да, анын сөзүн четке какпады.

Президент Карзай 5-августа Си-эн-эн телеканалына берген интервьюда Иранды тынчтыкты сүйгөн жана өз жардамын аябаган өлкө деп атап, Тегерандын маң аткезчилигине каршы чечкиндүү күрөшүп жатканын баса белгилеген.

Буш дүйшөмбү күнкү маалымат жыйында Иран ядролук куралдуу болууга умтулууда деген Батыш өлкөлөрүнүн пикирин кайталады. Бирок, Карзайдын сөзүн төгүнгө чыгарбастан туруп, Иран өзүнүн ядролук программасы тынчтык максатын көздөөрүн жана талиптерге каруу-жарактан жардамдан жардам бербегенин тастыкташ керек деди:

- Ирандын Ооганстандагы таасири позитивдүүбү же жокпу деген маселеде мен өтө кылдат болор элем. Иран бизге жана Ооган өкмөтүнө максаты аруу экенин далилдеп бериши абзел.

Эки лидер бири-биринен жакшы сөзүн аяшпады. Карзай мисалы АКШ акыркы беш жылда Ооганстанга берген жардамга токтолуп:

- Ооганстан сиз жана башка союздаштар берген жардамдын негизинде 50 миң наристенин жана беш жашка чейинки 85 миң баланын өмүрүн сактап калды.

Карзай жана Бушту АКШ менен НАТОнун чабуулунан карапайым оогандар көп жабыр тартып жатканы катуу тынчсызданткан сыяктанат. Ошондон го, Буш бейкүнөө адамдардын өлүмү үчүн өкүнүчүн билдирди:

- Мен ооган букараларында бейкүнөө адамдарды жоготкондо пайда болгон коркунучту, азапты жакшы түшүнөм. Ал үчүн өз өкүнүчүмдү билдирем. Андан кыштактар жана үйбүлөлөр азап тартып жатканын билемин. Экинчиден, караламан элди коргоо үчүн биз баарын жасайбыз деп ооган элин, президентин ишендиргим келет.

Буштун бул сөзүнө ынанганын Карзай ошол замат айтты. Эки лидер Ооганстандагы апийимчиликтин коркунучун да талкуулаганын, апийимдин ордуна башка дан азыктарын өстүрүүгө АКШ жардамын аябасын Буш белгилей кетти.

Карзай маң аткезчилигин токтотуу үчүн колумдан келген бар амалды жасаймын деп кабарчылар алдында убада да кылды.

Азыр Ооганстанда дүйнөдөгү героиндин 95 проценти өндүрүлөт.

XS
SM
MD
LG