- Оппозициялык бириккен фронттун лидери Феликс Кулов өткөн жумадагы маалымат жыйынында Кыргызстанда күзүндө саясий бейстабилдүүлүк болушу мүмкүн деп айтты. Ал парламент таркатылышы ыктымал деп да билдирди. Сиз мурдатан эле азыркы парламент таркатылышы керек деп келесиз. Куловдун билдирүүсүн кандай кабыл алдыңыз?
- Жогорку Кеңешти таркатканда бүтүндөй Кыргызстанды чакчалекей кылбай, мүмкүн референдум аркылуу таркатуу керек, же болбосо өз ыктыяры менен тараса андан да жакшы болор эле. Бирок Ф.Кулов Кыргызстан чакчалекей болсо, ого бетер татаалданып, саясий кырдаал курчуп, бул бийликтегилер таптакыр жылалбай, иштей албай калса деп самап турса керек. Ошондуктан күздө татаал болот дегенге мен көп деле ишенбейм. Өтө татаал болгон учурду көрдүк биз, апрелде болбодубу, ошол эле фронтчулардын ана башчысы Кулов 11-апрелде, 19-апрелде бийликти алабыз деп жыдыбадыбы, саясий банкрот болду да. Андан кийин эле көп ойлонбостон туруп Кыргызстан Орусия менен союз түзүш керек деп дагы бир нерсенин башын чыгара баштады. Кыргызстан азыр Орусия менен шериктештик союзда, Шанхай бирикмесинде. Ошондуктан кээде улуттун кызыкчылыгын ойлобостон туруп, Кыргызстандын көз каранды эместигин, эркиндигин ого бетер бекемдейбиз, анан кийин бүт эл менен, анын ичинде Орусия менен дагы абдан жакшы мамиледе болобуз дебестен эле, биринчисин унутуп калып атпайбы. Кыргызстан көз карандылыкка эми жетип, торолуп, эми гана бутубузга туруп келатабыз.
- Бүгүн Кыргызстандагы партиялардын саны көп болгону менен алардын таасири аз экени айтылып жүрөт. Келерки шайлоого өлкөдөгү партиялар кандай эрежеде, кайсы форматта катышса дурус болот эле деп ойлойсуз?
- Адилет министрлигинин айтуусу боюнча 97 партия каттоодон өттү, дагы 4-5 партия түзүлүп атат. Кеп анда эмес, басымдуу көпчүлүк партиялардын аты да, заты да жок. Экинчи топтогулардын аты бар, бирок заты жок. Ал эми саясий майданда 20 чакты партия иштеп атат. Анын ичинде 5-6 гана партия демдүү болуп атат. Ал эми келерки парламенттик шайлоого “Эркиндиктин” көз карашы боюнча 100 пайыз пропорционалдык системаны киргизиш керек. Себеби мажаритардык система боюнча бир орунга 5-6 кыргыз чыгып алып туруп, бири-бири менен атышып, кан төгүлүп, түрмөгө салып бири-бирин, улуттук биримдикти абдан ыдыратып, кетирип атабыз. Ошондуктан батыштын көп өлкөлөрү ошол жолго өткөн. Пропорционалдык 100 пайыз болгондо, аз-аздан добуштарды сатып алуу, административдик ресурсту колдонуу, же болбосо протоколдорду фальцификация жасоо аз-аздан жок болот. Жакынкы келечекте Кудай буюрса биз дагы эң алдыңкы адилеттүү өлкөлөрдөн болобуз. Мына 5-июлда биз президенттик шайлоо өткөргөндө, ал жерде эл аралык байкоочулардын айтуусуна караганда, өтө чоң орчундуу каталар, же мыйзам бузуулар болгон жок. Кудай буюрса биз ошондой жолго түшөбүз. Ал эми саясий партиялар абдан начар, али эрте дегенге ишенбеш керек.
- Бүгүнкү күндүн башкы маселелердин бири Кароолдөбөдөгү казуу иштеринин айланасындагы уу-дуу кеп болуп жатат. Өкмөт ошентип ал казууларды токтотуу тууралу токтом кабыл алды. Буга коомдук уюмдар тарабынан көрсөтүлүп жаткан кысым да себеп болсо керек. Сиз ал жакка барып келдиңиз деп уктук, жеке өзүңүз кандай баа берер элеңиз?
- Мен Таласта бир жарым ай мурда болдум. “Манас ордонун” директору менен үч киши болуп көзмө-көз сүйлөштүк. Ал жерде былтыркы жылдан бери тарыхый-археологиялык изилдөөлөр жүрүп атат. Ал эми элдин арасында ушак таркаптыр, ошол жерден алтын казып атат, бийликтегилер ошол жерден кен алып байып атыптыр деген. Булардын бары менин оюмча ушак сөз. Ошол жерде мүмкүн биздин ата-бабалар таштап кеткен мурастар, байлыктар, анын ичинде алтындан жасалган көп нерселер болушу мүмкүн.
- Маегиңизге чоң ырахмат.