Пишпек уездинин начальниги Ф. Г. Рымцевичтин рапортуна караганда Атеке болуштугунда башталган кыймылга 1916-жылдын бу күнү Сарыбагыш волостунун жаштары кошулган. Анын айтымында, Кемин суусунун бир тарабына атакеликтер, экинчи жагына сарыбагыштыктар топтолушуп, ал эми көпүрөгө эки болуштуктун аксакалдары, молдолору чогулушкан. Эки жактын кадырлуу өкүлдөрү сөз сүйлөшүп, кырдаал туурасында маалымат беришкен. Атаке болуштугунан сөз сүйлөгөн Белек Солтоноев «орустарды талап, аларды Ташкенге чейин кууш керек же жерибизде жексен болушубуз керек»-деп жар салган.
Архивдик материалдарга караганда империялык бийликке каршы көтөрүлгөн кыргыздар 1916-жылдын бу күнү Боом капчыгайында орус аскерлерине кол салышып, мылтык жана дары-дарметтерди тартып алышкан. Курал-жарак ташыган унааны кайтарган эки солдат шейит учуп, экөө качып, бири жаракат алгандыгы маалым болду. Пишпек уездинин начальниги Ф.Г.Рымцевичтин рапортуна ылайык кыргыздардын колуна 200, кээ бирлеринин айтымында 500 чамалуу мылтык, 550 патрон түшкөн.
Пржевальск уездиндеги кыргыздардын боштондук кыймылы 1916-жылдын 8-августунда Ысыккөлдүн түндүк-батышында башталды. Бу күнү кыргыздар орустардын көлөмдүү кыштагы Сазановкага кол салышып, жергиликтүү дыйкандарды кырып башташкан.
Пишпек уезддик начальнигинин Жетисуу областтык башкармасына жолдогон рапортунда, 1916-жылдын 8-августунда кыргыздардын «ээнбаштыгы» Самсонов станциясы, Рыбачье, Новороссийск, Быстрорецк, Белый пикет, Орловка, Покровка, Токмок, Юрьвка, Ивановка жана Новоалександровка кыштактарын кучагына алгандыгы кабарланат.
Кыргызстандын Азия жана Африка өлкөлөрү менен тилектештик комитети 1969-жылдын бу күнү калкка кыймылдын максат жана милдеттерин түшүндүрүү ишин башташкан. Советтик Азия жана Африка өлкөлөрү менен тилектештик комитет төрагасынын орун басары Чынгыз Айтматов менен комитеттин жооптуу катчысы Александр Дзасоховдор бу күнү кеңири билдирүү жасашкан.
Бу күнү, 1815-жылы Наполеон Ыйык Елена аралына сүргүнгө айдалып, 1899-жылы А.Маршалл Минесотта штатында муздаткычты патенттеп, 1941-жылы И.Сталин совет армиясына башкы командачылыкка дайындалып, 1861-жылы генетика илиминин негиздөөчүсү, англис биологу Уильям Бэтсон, 1935-жылы акын Сарман Асанбеков, 1947-жылы акын Алматай Чойбекова жарык дүйнөгө келсе, 1942-жылы теңдешкиз куудул Шаршен Термечиков дүйнөдөн кайткан.