Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:38

ОРУС АСКЕР УЧАКТАРЫ ГРУЗИЯ АЙМАГЫН РАКЕТАДАН АТЫШТЫ


Орусиялык эки аскерий учак Грузиянын аба мейкиндигине кирип, алардын бири Грузиянын территориясына ракета атты. Бул окуя дүйшөмбү күнү кечинде болгонун маалымдаган ырасмий Тбилиси аны Орусиянын “агрессиясы” деп атады. Орусия айыптоону четке какты. Анткен менен, бул калаба Тбилиси- Москва арасындагы салкын мамилени дагы осолдотот сыяктанат. Грузия мурда да орусиялык учактарды өлкөнүн чек ара мейкиндигин бузду деп, Москваны бир нече ирет күнөөлөгөн.

Орусиялык учактын ракета чабуулун көргөн Цителубани кыштагынын тургуну “Азаттык” радиосуна мындай деди:

- Учак учуп баратып, ракета атты. Биз адегенде катуу үндү уктук, кийин кайтып учуп бараткан учакты көрдүк. Ал түндүк тараптан учуп келди жана түндүктү көздөй учуп кетти. Мен авиацияда кызмат өтөгөм. Ошон үчүн аны реактивдүү учак деп айта алам. Бирок, ал МИГ же СУ учагы экенин ажырата албадым. Ракета грузин жана осетин кыштактары ортосундагы талаштуу жерге түштү.

Тбилисиден 65 чакырымдай батыштагы талаштуу аймакка түшкөн ракета жарылбай калганын маалымдаган Грузиянын ички иштер министрлигинин өкүлү Шота Усташвили россиялык учактар Түндүк Батыштагы Казбеги шаарчасы жактан чек араны бузганын билдирди:

- 6-августа Грузия убактысы боюнча 19 саат 30 мүнөт ченде россиялык эки реактивдүү учак Грузиянын аба мейкиндигине кирди. Алар Казбеги тарапта чек арадан өтүшкөнүн, кайра Казбегини көздөй кетишкени жөнүндө бизде радарлык маалымат бар.

Орусия тарап Грузиянын айыптоосун четке какты. Өлкөнүн аба күчтөрүнүн өкүлү Александр Дробышевскинин билдиришинче, россиялык учактар 6- август күнү Грузиянын аба мейкиндигине дегеле кирген эмес:

- Дүйшөмбү күн бою же бул күнү эртең менен россиялык учактар аталган аймакта такыр учпады. Күнкорсуз Грузиянын мамлекеттик чекарасы бузулбады.

Деген менен 6- августагы окуя Грузия- Орусия арасындагы осол мамилеге таасир этпей койбойт.

Былтыр күздө Грузия тыңчылык кылды деп күнөөлөп, россиялык төрт офицерди өлкөдөн айдап чыккан. Орусия өз кезегинде Грузияга экономикалык санкция жарыялап, иммиграциялык мыйзамды бузду деген шылтоо менен жүздөгөн грузиндерди мекенине кайтарган.

Эки өлкөнүн алакасына, Грузия ырастагандай, Тбилисинин амирин тааныбай келаткан Абхазия менен Түштүк Осетияны Москванын колдоого алуусу да таасир этүүдө. Орусия мындай айыптоону да негизсиз деп, танып келет.

XS
SM
MD
LG