Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:10

«ЖАҢЫЛ МЫРЗА НЬЮ-ЙОРКТО» АТТУУ КӨРГӨЗМӨ АЧЫЛДЫ


Жыл башында элдик дастанга негизделген “Жаңыл мырза” спектакли Нью-Йорктогу Ла Мама театрында он төрт күн көрсөтүлгөн. Аны фотосүрөтчү Маргарет Мортон сүрөткө тартып алган. Андыктан артисттердин кыймыл-аракеттери, кызыктуу көз ирмемдери сүрөттө сакталып калды.

Оюнду сахналаштыруудан мурда чыгармачыл топ, Жаңыл мырзанын туулуп өскөн жерине барып, таанышып кайтышкан. Аны Маргарет Мортон сүрөткө тартып, ал сүрөттөрдү спектаклдин жасалгаласына колдонушкан. Андыктан көргөзмөдөн Атбашы өрөөнүнүн кээ бир жерлерин көрүүгө болот.

- Бул жердеги фотосүрөттөдүн баары Нью-Йорктогу спектаклди чагылдырган эмгектер. Алгач актерлорго эстелик болсун деп эле тарттыргам, андан кийин сүрөттөр чыккандан кийин баарыбызга жагып, көргөзмө уюштуруу идеясы келди. Маргарет Мортонду да бул идея кызыктырып, кайра баштап тартып, ал сүрөттөрдү дискке көчүрүп келип, бул жактан чыгартты- деп билдирди оюндун режиссеру Вирлана Ткач.

Көргөзмө жекшембиге чейин созулат. Ал эми эртеңден тарта кыргыз театр күйөрмандарына “Жаңыл мырза” спектакли тартууланат. Андыктан спектаклге келген көрармандар көргөзмөнү карап эле, алдын-ала оюн тууралуу түшүнүк ала алышат экен деди көрүүчүлөрдүн бири Александр мырза.

- Көргөзмөнүн өзү спектаклди көрүүгө даярдайт. Себеби буга чейин, театрга бара жаткандан тартып, оюн башталганга чейин эмне жөнүндө болду экен деп ойлонсок, а мында болсо кандай окуялар боло тургандыгын, кайсы актерлор ойноорун алдын-ала эле билип алып, анан спектаклге киресиң.

Маргарет Мортондун чыгармачылыгындагы негизги тема бул “көчө балдары”. Сүрөтчү балдар түнөгөн жер төлөөлөрдө болуп, алардын жашоосун чагылдырган эмгектерди жаратат. Мындай сүрөттөрдүн топтомунан турган жыйнактары чыгып, Австрия, Канада,Италия, Корея жана башка бир катар мамлекеттерде көргөзмөлөрүн уюштурган. Ал эми 2006-жылы Ош шаарында өткөн “Түштүк полюс” эл аралык көргөзмөгө катышып, эмгектерин койгон.

- Бул көргөзмөгө көркөм өнөрдүн эки түрүнүн кошулмасынан жаралган чыгармаларды, Ош шаарынын базарларын, темир-тезектер ташталган жерлерди чагылдырган эмгектеримди койдум. Мына ошол келишимде көптөгөн кыргыз сүрөтчүлөрү менен таанышып, пикир алышып, биргелешип сүрөттөрдү тарттык. Негизинен кыргыз жери мага аябай жакты, эли да жакшы таасир калтырды.

Бул көргөзмө Маргарет Мортондун Кыргызстандагы алгачкы жеке көргөзмөсү. Эми анын эмектерине Атбашы өрөөрүнүн тургундары да күбө болушат.

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG