Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:34

CУЛТАН РАЕВ: САММИТКЕ КАРАТА ЧОҢ КОНЦЕРТ БЕРЕБИЗ


Сегиз күндөн кийин 16-августта Бишкекте Шанхай уюмунун саммитти ишин баштайт. Бул окуяга Кыргызстан көптөн бери даярданып келатат. Өлкөнүн президенти Курманбек Бакиев, Кыргызстан чет өлкөлүк конокторду тосуп алууга 100 пайызга даяр деп билдирди. Саммит күндөрү бир топ маданий иш чаралар да өтөт. Алар өлкөнүн Маданият министрлиги тарабынан уюштурулууда. Кыргызстандын маданит министри Султан Раев “Азаттыктын” түз эфиринде кабарчыбыздын бул жааттагы суроолоруна жооп берди.

- Саммит учурунда өтчү маданий иш чараларга даярдыктар азыр толугу менен бүттү деп айтканга болобу?

- Толугу менен бүттү деп айтканга болот. Биздин маданий программабыз Кыргызстан тарабынан 100 пайызга даярдалып бүттү. Азыр акыркы репитициялар болуп атат. Он экисинен баштап ШКУга кирген мамлекеттердин чыгармачылык топтору келет. Алардын программасынын бардыгын гала концертке киргизебиз. Аны даярдоо иштери боюнча атайын режессердук топтор иштеп атат. Ошондой эле 16-август күнү гала-концерт болот. 17-августта жалпы ШКУнун курамына кирген мамлекеттердин чыгармачылык күчтөрүнүн катышуусу менен “Алатоо” аянтында чоң концерт дайындап атабыз эл үчүн.

- Бул жолу Улуттук филармониянын жабдыктарын жаңыртууга бир топ каражат жумшалып, көп иш болгонун биздин угармандар жакшы билип калышса керек. Анткени ал тууралу кыйла сөз болду. Филармониядан сырткары маданий иш чараларды өткөрүү үчүн дагы кандай иштерди аткара алдыңыздар?

- Мен айтып өткөндөй, Кыргызстанда саммиттин алкагында Орусиянын жана кытай Эл Республикасынын атайын маданият күндөрү болот. Орусиядан белгилүү Ломовой, Белго баштаган СССРдин эл артисттери келатат. Ошондой эле Кытайдын 17-августта Кыргызстанда маданият күндөрү башталат. “Алатоо” аянтында бардык бизге келген чыгармачылык коноктордун катышуусу менен чоң концерт беребиз. Ага Казакстандан Роза Рымбаевага окшогон, Тажикстандан бий ансамбли, Өзбекстандан “Ялла” сыяктуу белгилүү ансамбли, Орусиядан Владимир Спивак сыяктуу белгилүү чыгармачылык жамааттар катышат.

- Саммиттин алкагындагы негизги маданий иш чара бул Шанхай уюмунун мүчө мамлекеттеринин үчүнчү эл аралык искусство фестивалы болот деп айттыңыз эле. Анда Кыргызстандан кандай чыгармачылык топтор катыша турган болуп жатат?

- Кыргызстандан биздин белгилүү симфониялык оркестр, театр опера балеттин артисттери, филармониянын бардык топтору, “Камбаркан”, Карамолдо Орозовдун оркестри, “Таберик”, “Жаш кыял”, “Ак марал” бий ансамблдери катышып атат. Эң башкысы биздин жаңы өсүп келаткан чыгармачылык адамдарга негизги орунду бердик. Бул программага Маренск театрында солист болуп иштеп жүргөн Жамийла Райымбекова, ошондой эле жаш болсо да дүйнөгө белгилүү болуп калган кыргыз жердешибиз пианист Азамат Сыдыков, ушуга окшогон таланттуу жаштар катышат. Саммиттин алкагында ШКУнун курамына кирген мамлекеттерибиздин маданият министрлери ШКУ өлкөлөрүнүн маданий байланышын чыңдоо боюнча келишимге кол коёбуз.

- Маегиңизге чоң ырахмат. Ишиңиздерге ийгилик!
XS
SM
MD
LG