Облустун жаңы губернаторуна Нарын облусунун келечеги үчүн кандай программаңыз бар деген собол берилгенде, ал мындайча жооп кайтарды:
- Мактангандай деле программам жок, ачык айтайын. Өлкөнүн 2010-жылга чейин өнүгүү программасы бар президент өзү бекиткен. Ошонун негизинде өкмөттүн токтому чыкты. Эки айлык мөөнөттө биз облустук программаны түзүп чыгышыбыз керек.
Губернатор Ажыбек Касымалиев мектептерге, жылуулук ишканаларга акча бөлүнбөгөндүктөн бир тонна да көмүр тартыла электигин, бул маселе 17-августтан кийин гана чечилип калаар деген үмүтүн билдирди:
- Мектептерге, жылуулук ишканаларга бир тонна көмүр бөлүнө элек экен. Себеби акча бөлүнө элек экен. Бул боюнча Бишкекке барып Досбол Нур уулуна кирип ушул маселени койдум. Ал киши ШКУ саммити өткөндөн кийин биринчи ирет Нарын облусуна финансы ачып берейин деп убадасын берди.
Өлкөдө ундун жана нандын кымбатташы бул дан эгиндердин азайып кеткендигине байланыштуу болууда дейт губернатор:
- Бизде дан азайып кеткен, ундун, нандын кымбаттаганы ушундан болуп атса керек. Биздин облуста былтыркы жылга салыштырмалуу 5 миң гектардан ашык азайыптыр.
Сиз журналисттерди өкмөттүк жана көз карандысыз деп бөлөсүзбү. Алардын жер-жерлерге баруусуна көңүл бөлүнөбү деген маанидеги суроого минтип жооп кайтарды:
- Журналисттерди бир автобус жалдап алып менин артымдан жүргүлө деп айта албайм. Бирок маанилүү иштер болуп аткан жерге журналисттерди маалымат катчыбыз аркылуу чакырабыз. Катачылык болгон жерге өзүңүздөрдү барууңуздарды суранам.
Ажыбек Касымалиев Нарын облусуна губернатор болуп калышын күтүүсүз болду деп белгилеп, бирок жердеши Турдакун Усубалиевдин таасири болбогондугун, ал киши карып калгандыктан аны учурда эч ким укпай калган дейт:
- Президент чакырды, мурда Нарында иштеп жүргөнүңүздү, алыскы Чаткалда иштегениңизди билем, облустан өзүңүздү көрсөтүп көрүңүз дегенден кийин жок дей алган жокмун. Бирөө айтып Усубалиевдин кадыры дегендей, азыр аны эч ким укпайт. Мен Усубалиевдин айылынан болом. Ал аксакал 90го чыгып калды, анын айтканга деле мүмкүнчүлүгү жок,- дейт Нарын облусунун губернатору Ажыбек Касымалиев.